16:07 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
342 0 0

Мамлекет башчылары киберкоопсуздук чөйрөсү менен Сириядагы кырдаалды талкуулашты. Путин Серфсайд шаарында турак жай кыйрап, көп сандаган адамдардын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин АКШнын президенти Жозеф Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин сайты кабарлады. 

Женевадагы орус-америка саммитинде башталган маалыматтык коопсуздук жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча диалог уланган. 

Президенттер киберкоопсуздук жаатында олуттуу жана конструктивдүү кызматташуу менен тийиштүү байланыштарды улантуу зарыл экенин белгилешкен. 

Гуманитардык аспектилерге басым жасоо менен Сириядагы кырдаалга да токтолушкан. Эки тарап тең бул маселе боюнча, анын ичинде БУУнун коопсуздук кеңешинде Россия менен АКШнын координациялоо аракеттерине оң баа беришкени айтылат. 

Путин Байденге Серфсайд шаарында (Флорида штаты) турак жай кыйрап, көп сандаган адамдардын көз жумганына байланыштуу көңүл айткан.

РИА Новости сүйлөшүү болжолу менен бир саатка созулганын жазды. Байден Путин менен "токтобой жаткан программалык чабуулдарды" талкуулаганы белгиленет. Ак үйдүн билдиришинче, мындай кибер чабуулдарды "Россияда жайгашкан" кибер кылмышкерлер жасашат. Америкалык президенттин пикиринде, Москва хакерлердин ишине бөгөт коюу үчүн чараларды көрүшү керек.

Буга чейин БУУнун коопсуздук кеңеши Россия, АКШ, Ирландия жана Норвегиянын "Баб эль-Хава" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Сирияга гуманитардык жардамды чек арага жеткирүүнү узартуу боюнча резолюциясын кабыл алган. Уюмдун Россиядагы туруктуу өкүлү Василий Небензя белгилегендей, Москва менен Вашингтон биринчи жолу "макулдашып гана тим болбостон, биргелешкен текстти сунуш кылып", аны бир добуштан колдошту. Анын айтымында, бул Россия менен АКШнын диалогунда бурулуш жасаган учур болуп калышы мүмкүн.

Тема боюнча

Путин Тажикстанга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди
Белгилер:
Россия, Америка, Сирия, Владимир Путин, Жо Байден, сүйлөшүүлөр, коопсуздук

ЭҢ МААНИЛҮҮ