"Талибан" өкүлү аялдардын укугун сактоого кепилдик берилерин айтты

© AP Photo / Rahmat GulЖизнь женщин в Афганистане
Жизнь женщин в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Өздөрүн Ислам эмирлиги деп атаган "Талибан" өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эгерде исламга каршы келбесе талибдер аялдардын билимге жана ишке болгон укугуна кепилдик берет. Мындай билдирүүнү "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммад Наим жасаганын РИА Новости жазды.
"Аялдар боюнча позициябызды бир нече жолу айтып келебиз. Эмне үчүн экенин билбейм, бирөөлөргө бул суроо өтө кызык, ал эми бирөөлөр үчүн өтө жабык болушу мүмкүн. Биз, мусулмандар, ыйык исламдын аялдарга берген укуктарын сактоого кепилдик беребиз. Эгерде билим алууга же ишке берилген укук болсо, ал биздин жоопкерчилик. Эгерде исламга, биздин улутка жана өлкөгө каршы келбесе, бул жактан бизде эч кандай маселе жаралбайт. Биз муну биринчи жолу айтып жаткан жокпуз", — деген Наим.
Москвадагы эл аралык тынчтык конференциясында Талибандын өкүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди
Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. "Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов менен жолукту. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтө баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0