Дубайда катуу жарылуу болду. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Дубайдын жарандык коргонуу департаменти кеменин бортундагы контейнер жарылып, андан өрт чыкканын билдирген. Жабыркагандар жок.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дубайда Жебел-Али портундагы мунай сактоочу жайдын аймагында катуу жарылуу болгону айтылды. Бул тууралуу "Аль-Араби аль-Жадид" гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
Al-Arabiya телеканалы билдиргендей, окуя токтоп турган кемеде болгон.
"Учурда Дубайдын жарандык коргонуу департаменти Жебел-Али портундагы кеменин бортунда контейнердин жарылуусунан чыккан өрттү өчүрүүдө", — деп билдирген өкмөт.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Бийлик өрттү көзөмөлгө алганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0