Дүйнөдөгү эң чоң ат өлдү. Салмагы бир тоннадан ашкан жылкынын сүрөттөрү

© AFP / MYCHELE DANIAUРазведение лошадей породы брабансон в Франции
Разведение лошадей породы брабансон в Франции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Чоң Жейк каймана ысымы бар жылкы туулганда эле салмагы 109 килограмм болгон. Бул адаттагы кулундардан 45 килограммга чоң экени айтылат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Америкада брабансон тукумундагы эң алп ат Чоң Жейк өлдү. Дүйнөдөгү эң чоң жылкы тууралуу National Geographic жазды. 
Ат Гиннес рекорддор китебине 2010-жылы кирген. Жалынан баштап ченегенде узундугу 210,2 сантиметр, салмагы 1 133 килограммга жеткен. Мындай рекордду 11 жылда эч ким жаңылай алган эмес. Ал фермадагы башка жылкыларга караганда эки эсе көп жеп, бир күндө эки чака дан жана чоң таңгак чөп корогон.
Алп атты үч жашында сатып жиберишкен. Мурдагы ээлери ал туулганда эле 109 килограмм болгонун, бул адаттагы кулундардан 45 килограммга чоң экенин айткан. Ошол эле учурда Чоң Жейктин ата-энеси брабансон тукумундагы кадимки эле жылкылар экенин белгилеген.
Брабансондор Бельгиядан чыккан. Адатта алардын бою 170 сантиметрге, салмагы 900 килограммга жетет. Орточо эсеп менен 18 жыл жашайт. Чоң Жейкти чарбадагы оор жумуштарды жасоого колдонушкан, бирок былтыртадан бери коронавирус жукпасын деп сарайдан чыгарбай калышкан. Акыры 20 жыл жашап өлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0