АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин кабарлады

© Фото / Master Sgt. Alejandro LiceaАКШнын Афганистандагы аскер күчтөрү. Архив
АКШнын Афганистандагы аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
АКШнын Коргоо министрлигинин  жүк ташуучу 1000 авиакаттам менен 17 миң даана ар кандай жабдууларды жүктөп кеткени айтылат.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кетти. Бул тууралуу РИА Новости алардын Башкы командачылыгына таянып кабар таратты. 
"Чыгарып кетүү иштери улантылууда. Башкы командачылыктын баамында, чыгарып, ташып кетүү иштеринин 90 пайыздан ашыгы бүтүп калды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле АКШнын Коргоо министрлиги жүк ташуучу 1000 авиакаттам менен 17 миң даана ар кандай жабдууларды жүктөп кеткени айтылат. Мындан сырткары, Афганистандын Коргоо министрлигине жети объектини калтырып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0