ДССУ дүйнөдө коронавирус боюнча кырдаал турукташып калганын билдирди

© AFP / SAM YEHСитуация в Тайване из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Тайване из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Эл аралык уюмдун өкүлүнүн айтымында, оорунун графиги акыркы жумада вирус төмөндөгөнүн көрсөткөн. Ошол эле учурда башка аймактарда өсүп жатканын да айткан.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаал "өтө жогорку деңгээлде" турукташканын билдирди. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.
"Эгерде оорунун графигин карай турган болсок, акыркы жумаларда турукташуу болгонун, бирок бул өтө жогорку деңгээлде ишке ашканын көрүүгө болот", — деди Райан.
Кыз COVID-19га ПЦР-тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
COVID: кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн
Ошондой эле ал айрым мамлекеттерде оору кескин азайганын, ошол эле учурда кээ бир мамлекеттерде өсүү байкалып жатканын кошумчалаган. Бул коронавирустун башка штаммдары пайда болуп жатканы, эпидемияга каршы чаралардын жумшартылганы жана элдин байланышы көбөйгөнү менен байланыштуу экенин айткан.
ДССУнун чукул оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Мария Ван Керкхове кырдаал "эки ача" мүнөзгө ээ деген. Анын айтымында, Түндүк жана Түштүк Америкада вирус азайганы менен башка континенттерде жуктуруп алгандардын саны өсүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0