Бир ирет колдонуучу пластик буюмдардын доору Европада жакында бүтөт

© AP Photo / Alexandru DobreНараазычылык акция учурунда кыз пластик бөтөлкөлөр менен. Архив
Нараазычылык акция учурунда кыз пластик бөтөлкөлөр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Тыюу салынган пластик буюмдарга бир ирет колдонулсун деген ашкана буюмдары, азык салган контейнерлер кирет.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Европа бир ирет колдонуучу пластик буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салганын Euronews жазды.
Мындай мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Ал Евробиримдиктин бардык мамлекеттерине рыноктон пластик буюмдардын бардыгын алууга жана 2021-жылдын 3-июлунан тарта аларды чыгарууга тыюу салууга милдеттендирген. Өлкөлөргө колунда болгон пластиктердин запасын сатып түгөтүүгө бир жыл убакыт берилет да, андан соң аталган мыйзам орноп, аны кыйшаюусуз аткарууга туура келет.
Рим папасы Франциск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Рим папасына пластик бөтөлкөлөрдөн папамобиль жасалат
ЕБдеги бельгиялык депутат Фредерик Ристин айтымына караганда, аталган биримдикте бул кадам менен пластиктен жасалган, бир гана жолу колдонуп, ыргытыла турган буюмдарга тыюу салынат. Алар тамак жей турган ашкана буюмдары, шариктердин таякчалары, кофе аралаштыргычтар, азык салган контейнерлер ж.б. оокаттар.
Депутат пластик таштандынын 80 пайызы деңиз, океандарды булгап, сууда уулуу заттарды пайда кыларын айткан. Андан сырткары, деңиз жаныбарларынын жана адамдын өмүрүнө кадимкидей кооптуулук жаратып жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0