АКШда өлүм жазасына тартууга мораторий киргизилди. Евробиримдиктин билдирүүсү

© AP Photo / Virginia MayoБрюсселдеги башкы кеңсесинде Европа Биримдигинин желектери. Архив
Брюсселдеги башкы кеңсесинде Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Евробиримдик өлүм жазасына тартууну кылмыштуулукту ооздуктоого жатпаган мыкаачылык жана адамдыктан тайган жаза деп эсептейт.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Евробиримдик АКШда өлүм жазасына мораторий киргизүүнү жактайт жана аны дүйнөдө толугу менен жок кылуу үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд Юстиция министрлиги тиешелүү текшерүү процедураларын жүргүзүп жаткан маалда өлүм жазасын колдонууга федералдык деңгээлде мораторий жарыялаган. Ошондой эле АКШ лидери Жозеф Байден өлүм жазасын алып салууну колдой турганын жана бул мораторий маанилүү кадам болгонун билдирген.
"Бул көп нерсеге убада берген алгачкы кадам. Мындай практикага федералдык деңгээлде чек коюп, АКШда өлүм жазасына тартууну жокко чыгаруубузга өбөлгө болот", — деп айтылат ЕБ билдирүүсүндө.
Евробиримдик өлүмгө тартууну кылмыштуулукту ооздуктоого жатпаган мыкаачылык жана адамдыктан тайган жаза деп эсептейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0