Асканын урап баратканын тартууга үлгүргөн туристтин сестенткен видеосу

© Sputnik / Олеся Печенкина / Медиабанкка өтүүПобережье Черного моря
Побережье Черного моря - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Көлдү курчап турган асканын 60 метрдей болгон жеринен жарака кетип, аз убакытта сууга урап түшкөн.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШда катер менен көлдө сейилдеп жүргөн турист Жон Мартин чоң асканын сууга кулап баратканына күбө болду.
​The Independent басылмасынын жазышынча, окуя Мичиган штатындагы Жогорку Көлдө болгон.
"Жардын бөлүнүп баратканын катуу үндөн байкап калдык. Бир мүнөттүн ичинде туурасы 60 метрдей болгон бөлүгү урап түштү", — деп айтып берген турист.
Видеодон башка жүргүнчүлөр бекем кармануу керектигин, болбосо толкун кайыкты оодарып салышы мүмкүндүгүн айтып жатканын угууга болот.
Жогорку Көлдүн жээгин бийиктиги 50 метрден 200 метрге чейин жеткен аскалар курчап турат. Жараканын пайда болушуна түрдүү себептер айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0