Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПриложение Instagram
Приложение Instagram - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Компаниянын жетекчисинин айтымында, Instagram төрт багытта өнүгүүгө басым жасайт. Алар: блогерлик, видео, сервис аркылуу сатып алуулар жана кат алмашуу.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Instagram тиркемесинин жетекчиси Адам Моссери жакынкы айларда социалдык тармакты чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканын өзүнүн Twitter-аккаунту аркылуу кабарлады.
​"Биз мындан ары сүрөт менен бөлүшкөн тиркеме эмеспиз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы элдин көпчүлүгү Instagram тармагын көңүл ачуу үчүн колдонорун көрсөттү. Биз муну кабыл алышыбыз керек, демек, өзгөрүүгө туура келет. Учурда биз төрт багытты өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз. Алар: блогерлик, видео, сервис аркылуу сатып алуулар жана кат алмашуу", — деди Моссери.
Анын айтымында, мындан ары Instagram видеонун толук экран форматын өнүктүрүүгө басым жасайт. Ал эми колдонуучунун лентасына мурда катталбаса дагы сунушталган постторду чыгарып туруу пландалууда. Учурда сунушталган посттор атайын бөлүмчө аркылуу гана көрүнөт.
Моссери мындай өзгөрүүлөргө өнүгүп жаткан TikTok жана YouTube видеосервистери себеп болгонун жашырган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0