WhatsApp көпчүлүк күткөн дагы бир функцияны ишке киргизди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Бир аккаунтка беш гаджет менен кирип колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Tеlegram мессенджери сыяктуу иштеп калат.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. WhatsApp мессенджериндеги профилге бир эле учурда бир нече гаджет менен кирүү функциясы иштей баштады. Бул туурасында РИА Новости WABetainfo порталына таянуу менен жазды.
WhatsApp тиркемесин колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Эки сөз жазып койчу, сүрөтүңө ыраазымын! WhatsApp тайпадагылар жанды кашайтканда
Ошондой эле аталган функцияны колдонуп жаткан ар бир гаджеттеги маалымат WhatsApp алгоритминин негизинде шифр менен корголору белгиленди.
Азырынча бул опция Android жана 2.21.14.1 номериндеги бета-версиясында иштеп жатат. Жакын арада баарына жеткиликтүү болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0