Үч апта алкоголь ичпеген кыз ашыкча салмактан арылган

© AFP / MENAHEM KAHANAСыра ичип жаткан кыздар. Архив
Сыра ичип жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
24 жаштагы кыз ичимдиктен баш тартар алдында эки апта бою күнүнө экиден бутылка сыра ичип турганын жана ага 114 доллар коротконун айтты.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШ жараны Даниэль Пирстин ичимдиктен баш тартып, үч жумада күтүүсүз жыйынтыкка жеткенин Newsweek басылмасы жазган.
24 жаштагы кыз ичимдиктен баш тартар алдында эки апта бою күнүнө эки бутылкадан сыра ичип турганын жана ага 114 доллар коротконун айтты.
"Анча шайдоот эмес, наалыма, ашыкча салмагыма жиним келген жан болчумун. Андыктан элиминация диетасына отуруп, ичимдикти таштадым. Сергек жашоо мүнөзүнө өттүм", — деген кыз.
Сырадан баш тарткан Пирс жети килограммга арыктаган.
"Арыктагандан сырткары байкасам, тери да тазара баштаптыр. Уйкум да калыбына келди", — деген ал.
Уйкусу келип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Уйку канбагандык кандай кооптуулукка алып келет. Адистин кеңеши
Эксперимент аяктагандан кийин деле Пирс алкоголсуз диетасын уланткан.
Кыз телефонуна ичимдик жана аны коштогон иш-чараларга канча акча кете тургандыгын эсептеген тиркеме жүктөп алган. Маселен, барга барып кайра келген сыяктуу чыгымдарды эсептеп баштаган.
Өзүнүн айтымында, бул тартип менен жашап ичимдиктен баш тарткандан бери миң доллар үнөмдөгөн.
Элиминация диетасы 30 күнгө эсептелген. Аны организмге кайсы тамак-аш жагат жана кайсы түрү аллергия кылбай тургандыгын аныктоо үчүн кармашат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0