80 жыл илгери!.. Жеңишке жетерине ишенип душманга каршы аттанган маал

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүЖоокерлерди Улуу Ата Мекендик согушка даярдоо. Архив
Жоокерлерди Улуу Ата Мекендик согушка даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
…"Дортмунд" деген жашыруун сөз жаңырып, германиялык агрессордун оор, үрөй учурган соккусу тынч уйкуда жаткан айыл-кыштак, шаарча, талаа, токой, шалбааларга, бейкапар адамдардын үйлөрүнө урулган.
Ошол кара санатайлыктын запкысын далай жылдар бою бүтүндөй совет эли тарткан. 80 жыл мурун ал убактагы континенталдык "бириккен Европанын" бүткүл күчү СССРге каршы багытталган. Апаатка моюн сунбай түп көтөрүлгөн эрдик тууралуу РИА Новости жазды.
Советтер Союзуна Франциянын машина куруу өндүрүшү, Норвегиянын болот иштетүүчү өнөр жайы колдогон вермахттын армиясы кол салган. ССтин бельгиялык батальону куралын сунуп, абага румыниялык авиация көтөрүлгөн.
Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кыргызстан жөнөткөн акча 186 учакка жетмек. Улуу Жеңишти жакындаткан жардам
Ал эми гитлердик офицерлер хорватиялык аскердик бөлүктөр да кирген жоокерлер тобуна буйрук берип турган. Куралдуу күчтөргө басма сөз да көмөкчү болуп, гитлердик пропаганда машинасы танк, учактардан кем калышпагандай эле деңгээлде куралган.
Радио обосунан билдирүүнү окуган Йозеф Геббельс "1941-жылдын 22-июнунда Европа большевисттик Советтик Россияга сокку берүүнү чечти" деп баса белгилеген. Вермахт жана нацизм жеңип чыгарынан Берлин шектенген эмес...
Бирок "советтик жооп" көп күттүргөн эмес. Ал Константин Симонов жөнөткөн макалада жаңырган. Биздин эсибизде калган ак чач фронтовик жазуучу ал убакта жапжаш, "Кызыл жылдыз" басылмасынын 25 жаштагы аскердик кабарчысы эле. Симонов Батыш фронтуна Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан беш күндөн кийин барган.
Кийин согуш тууралуу эскерүүлөрүндө ал чек арачы офицер менен баарлашуусун төмөнкүчө келтирет: "Заставада меникилердин баары набыт болду деген кабар алдым. Ал жактагылар акыркы адам калганча жан аябай салгылашыптыр. Үй-бүлөм ошол жакта, Граевдин тегерегинде эле. Жубайым, эки балам, апам жана карындашым. Бул жарыктагы жакындарымдын баары ошол жакта...", – дейт.
Ошол эле күнү, 29-июнда,  "Барбарос" планын иштеп чыгуучулардын бири, генерал Гальдер өз күндөлүгүнө: "Фронттон келген маалыматтар орустар бардык жерде акыркы адамына дейре кармашып жатканын тастыктайт", – деп жазган. Бирок, албетте, өз жетекчилигине Гальдер жеңиш билдирүүлөрүн жөнөткөн.
Симонов кийин: "Ошондо ал жакта ким эмне деп жазбасын, Чыгыш фронтто "толугу менен талкаланган" Советтик Армия кайсы бир убакта Германиянын аймагына аяк таштай турганы эч биринин оюна келген эмес", – деп эскерген.
Советтик артиллеристтер Берлинди штурмалоого даярданып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
"Дат баскан" тарых. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу уламыштар
Рейхтин жогорку генералитетинин баасы 1940-жылдын май айындагы европалык бийликтин жана элдин жүрүм-турумуна негизделген. Анткени беш апта аралыгында нацисттерге Нидерланд королдугу (капитуляцияга 14-майда кол коюлган), Бельгия королдугу (капитуляцияга 28-майда кол коюлган) жана Франция (капитуляцияга 17-июнда кол коюлган) багынып берген.
Британиялык экспедициялык корпус Дюнкерктен чыгып кутулуп, ал эми вермахттын солдаттары европалык борборго киришкен. Европалыктар аларга каршылык көрсөткөн эмес. Шаар четиндеги кооз жерлерде сейилдөө, даамдуу тамак-аш, сапаттуу шарап жана утулган тараптын дурус кабыл алышы... Вермахттын түшүнүгүндө Батыш Европадагы согуш ушундай эле.
СССРдин жарандары өз өлкөсүнүн да, европалык мамлекеттердин ар бир чарчы метрин баскынчылардан бошотуу үчүн эң оор бааны төлөгөн. Вермахтта кызмат өтөгөндөр Пушкиндин мүрзөсүнө мина төшөшкөндө советтик жоокерлер Венадагы Штраустун күмбөзүнө гүл коюшкан.
Экинчи фронттун ачылышын үч жыл күткөнбүз, ал эми Арденнде союздаштардын чабуулунун мизи кайтарыла баштаганда Черчилль иш жүзүндө Сталиндин жардамга келүүсүн жалбарып, Жогорку командачылык Висло-Одер операциясынын мөөнөтүн сегиз күнгө (армиялык пландоонун ченеми боюнча чындыгында бул – чексиздик) жылдырган. Ошондой эле Польшада Кызыл армиянын чабуулун тездетүү чечими саналуу сааттарда кабыл алынган.
Нацисттер Ленинградды курчоого алганда каарман калаанын тургундары чарчап калган балдарынын сөөгүн чана менен ташыса, Берлиндин коменданты генерал Берзарин кичинекей берлиндиктерди эмдетип, немец балдары өз маалында сүт менен камсыз болушун жарлык менен милдеттендирген.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
80 жыл мурун башталган согуштун 1418 күнүндө СССР эли эркиндикти эле орнотпостон, Майданек жана Освенцимдеги крематорий мештерин токтотуп, Краковду кыйроодон куткарып, Дрезден галереясынын кенчин суу каптоодон сактап гана калбастан, адамгерчилик жана гуманизм баалуулуктарын бекемдеген. Кийин буларды прагматикалык Европа заматта өзүнө энчилеп, "өзүнүн жалпы баалуулуктары" деп атап албады беле. Өзүн куткарууга мүмкүндүк берип, "Эми эч качан!" деген убада бергени менен кайра эле башка согуштарга аралашкан. Түндүк жана Батыш Африкадагы көз карандысыздыктын тарапкерлери менен согушкан. Индокытайда согуштук аракеттерди жүргүзгөн. Кийин кезек "Милошевичтин диктатурасы жана сербдердин ырайымсыз башкаруусуна каршы күрөштүн алкагында" Югославияга жеткен. Ошондон он жыл өткөндө Украинанын маалы келип, биринчи, андан дагы он жылдан соң экинчи согуш отун тутантууга аракет жасалган. Биринчисинде да, экинчисинде да 2004-жылдагыдай эле 2013-2014-жылдары деле "башкаларды" жек көрүү атмосферасы жаратылганы түшүнүктүү. Югославиялык жаңжалдагыдай эле дароо нацизмдин тарапташтары баш көтөрүп, ал эми гитлердик кызматчылар жана аскердик кылмышкерлер "эркиндик үчүн күрөшчүлөр" жана "россиялык таасирден куткаруучулар" болуп чыга келишкен.
Ал эми Батыштын "Россиянын милитаризми" тууралуу ойду таңуулашы — бул болгону ойго келгис эрдик жасаган, континенталдык Европа жүгүнүп берген күчтүн дээрлик төрттөн үч бөлүгүн жок кылып, нацизмди жеңген өлкөгө көз артуу.
Согуш майданында окко учкан, өлтүрүлгөн, жарадар болгон, кулчулукка алынып, концлагерге айдалгандар, эзилип, атылып жана дарга асылгандарды эскерүү менен Жеңиш үчүн чалынган ошол курмандыктар текке кетпегенин кайталайбыз. Бүгүн элестетүү да мүмкүн болбогон ошол баатырлардын каармандыгы бизге тынч күндү тартуулаган. Ал эми биздин эскерүүбүз жана аза күтүүбүз – аларга тургузган жалпы бийик эстелик.
Жаңылыктар түрмөгү
0