Армения: парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы алдыда келе жатат

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян
Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
20-июнь күнү Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо болуп өттү. Ага жалпысынан 25 саясий партия катышты.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Армениядагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын партиясы алдыда келе жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Добуштардын 80 пайызы саналып бүттү.
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси
Маалыматка ылайык, 58 пайыз менен Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы алдыда келе жатат. Өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочаряндын "Армениясы" 22 пайыз менен экинчи орунда. Ошондой эле 5 пайыздык босогону ишкер Гагик Царукяндын "Гүлдөгөн Армения" партиясы өттү.
Эске салсак, 20-июнь күнү Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо болуп өттү. Ага жалпысынан 25 саясий партия катышты. Добуш берүү укугуна ээ болгон 2,5 миллион жарандын арасынан 1,2 миллиону (49,4 пайыз) шайлоого келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0