Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды

© Sputnik / Идрис Мохаммед / Медиабанкка өтүүСитуация в Индии в связи с коронавирусом
Ситуация в Индии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Дарыгерлер вирустун жаңы мутациясын изилдөө үчүн үлгүсүн анализге жибергенин айтышкан. Аны жуктурган айрым адамдарда эч кандай белги байкалган эмес.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында коронавирустун "дельта плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган жаңы штаммын жуктурган 20 учур катталды. Бул тууралуу Индиянын медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы, дарыгер Т. П. Лахан India TV телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Биз "дельта плюс" штаммын Нави-Мумбай, Палгар жана Ратнагири шаарларынан каттадык. Алардын үлгүлөрүн анализге жиберип, отчет күтүп жатабыз", — деди Лахан.
Коронавирустун жаңы штаммын жуктурган беш учур Ратнагири шаарынан табылган. Илдет илештирген эки адамда эч бир белги байкалган эмес. Вирустун жаңы штаммынын жайылуусун алдын алуу үчүн бийлик мутация табылган райондорду жапканы маалым болду.
Разработка вакцины от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
"Индия" штаммынын кооптуу жактарын окумуштуу айтып берди
Коронавирустун B.1.617 штаммы Индияда 2020-жылдын 5-октябрында катталган. Бул штамм андан бери бир топ мамлекетте да табылды. Дарыгерлердин айтымында, дал ушул мутация Индияда коронавирустун экинчи толкунунун башталышына себеп болгон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус көп катталган мамлекеттердин ичинен Индия экинчи орунда. Акыркы маалыматтарга таянсак, пандемия башталгандан тарта аталган мамлекетте жалпысынан 29,8 миллион адамдан вирус табылып, анын 28,7 миллиону айыккан. Тилекке каршы, 386 миңден көп бейтап дарттын курмандыгы болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0