"Индия" штаммынын кооптуу жактарын окумуштуу айтып берди

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File PhotoРазработка вакцины от COVID-19
Разработка вакцины от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
"Индия" штаммы илдеттин жеңил абалынан оор түрүнө тез өтүп, адамдын организминин антитело иштеп чыгуусуна зыянын тийгизет.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Коронавирустун "Индия" штаммы "ухандык" түрүнө караганда дароо жугат жана өтө кооптуу. Бул туурасында РИА Новости Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбургдун айтканына таянып жазды.
"Ал илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтөт. Ошонусу менен кооптуу, себеби адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартат", — деген Гинцбург "Россия 1" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатканда.
Окумуштуунун айтымына караганда, "Спутник V" вакцинасы коронавирустун бүгүнкү күндөгү бардык түрүнөн сактайт.
Буга чейин да Москва мэри Сергей Собянин "Индия" штаммы учурда абдан кооптуу болуп, эң күчтүү иммунитетти да жеңип, эмделген адамдарга жугуп жаткандыгын айткан эле. 
Жаңылыктар түрмөгү
0