Арменияда өтүп жаткан парламенттик шайлоого партиялар рекорддук санда катышууда

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүДосрочные парламентские выборы в Армении
Досрочные парламентские выборы в Армении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп, 2 578 миллион жаран болочоктогу депутаттар үчүн добуш берүүдө. Бул тууралуу Sputnik Армения маалымат берип жатат.
Партиялар үчүн мыйзам боюнча 5 пайыз, ал эми альянстар үчүн 7 пайыз өтүүчү босого бар жана ал толугу менен пропорционалдык система менен болмокчу.
Белгилей кетчү нерсе, шайлоого рекорддук санда, тагыраагы, 25 партия катышып жатат. Алардын арасында мурдагы президенттер башкарган саясий бирикмелер кирген (Левон Тер Петросян, Роберт Кочарян, Серж Саргсян). Мындан сырткары, азыркы премьер-министр Никол Пашинян баштаган партия да бар.
Ар бир добуш берүүчүнүн колуна 25 бюллетень берилерин Sputnik Армения жазды. Алардын арасынан бирди тандап өзгөчө номери бар конвертке салыш керек, ал эми калганы картондон жасалган үкөккө таштайт. Шайлоочу бюллетень бурчуна, андан ары урнага барат да, ал жерден конвертке атайын марка коюлуп, үкөккө салынат. Пандемия шартынан улам добуш берүүчүлөргө медициналык бет кап кийүү милдеттендирилген.

Экинчи тур болуу мүмкүнчүлүгү

Эгерде саясий күчтөр өз алдынча стабилдүү деп аталган парламенттик добуштардын көпчүлүгүн ала албаса (54 пайыз), анда экинчи турдун болушунун толук ыктымалдыгы бар. Бул көрсөткүчкө (сандарга) жетиш үчүн алар коалиция түптөшү керек.
Повторные выборы в Бишкекский горкенеш — 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Эгерде мындай болбой калса, экинчи тур ишенимдүү түрдө дайындалат (28 күндөн кийин). Ага добуштардын арбынын алган эки саясий күч катышат. Алар өздөрү түзгөн жаңы блок менен катышат.
Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кеткен. Бирок ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткара берери айтылган.
Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0