"Путинди АКШ президенттигине көрсөтөлү!": Батыш РФ лидеринин маегин талкуулоодо

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Соңку үч күндө дүйнөдө миллиондогон адамдар Россия президентинин америкалык NBC телекомпаниясына курган маегин кызуу талкуулап жатышат. Путиндин айткандары желени "жаргандай" эле болду.Жо Байден
Кеп россиялык лидердин азыркы абалга карата кандайдыр жаңы, революциялык ыкмаларын сунуштаганында да эмес. Коомчулук революциялык ыкмалардан эбак чарчап бүткөнү маалым. РФ лидери болгону NBC Кира Симмонско чындыкты гана айтты деген ойдо баяндамачы Виктория Никифорова. Анын ушул маектин тегерегиндеги ой тизмеги РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Учурдун ченеминде бул маек чындап эксклюзивдүү билдирүүдөй болду. Англосаксондук маалымат каражаттары жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы аларга ыктаган медиа чөйрөнүн аудиториясы тарабынан Россия президенти келтирген жөнөкөй фактылар ачылыш сымал кабылданууда. Мында, албетте, кеп расмий маалымат каражаттары тууралуу эмес, алар адатынча Россия лидерин бардык нерсе үчүн айыптоо менен өз күн тартибин коомго таңуулап жатышат.
Женевадагы саммиттин алдында президент Байден бир катар билдирүүлөрдү жасоого үлгүрдү. "Адам укуктары", "демократия", "катуу чара көрөбүз" дегендей көнүмүш кептер жаңырган. Кызыгы алар эч кимдин кызыгуусун жаратпады. Ал эми Путиндин сөздөрү Батышта буга дейре таңууланып келген пикирлерди жок кылып, түркүн адамдардын көңүлүн буруп, кыйла муютту.
Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Көп маселеге мелженген так дискуссия. Ак үй Путин — Байден саммитине баа берди
"Биздин клоундук администрацияга караганда ага (Путинге) көбүрөөк ишенем", — деп жазат невадалык окурман британиялык Daily Mail таблоидинин сайтында. "Неге анда Россияга кетип калбайсың?" — деп тиш кайрайт ага оппоненти. "Бул мүмкүн эмес, мында канчалаган адамдар Путинди колдоп жатышат", — деп жооп кайтарат комментатор. "Эгер ал ага жакпаса, айткандары туура эмес дегенди туюндурбайт", — деп талаша кетти дагы бири. "Америкадагы бүгүнкүдөй баш аламандыкка ал жол бермек эмес", — деген тыянак чыгарат дагы бири.
Путин "башкаруучулардан" айланып өтүп кеңири коомчулукка түз кайрылып, аларга оюн жеткире алганы ушул өңдүү талкуулардан байкалып турат. Эл муну жогорку деңгээлде сезди: глобалдык истеблишмент адамзатка таңуулап жаткан жалган расмий күн тартибинен бул таптакыр башка нерсе...
Албетте, көпчүлүк "либералдык" маалымат каражаттары түзгөн чындыкка коошпогон матрицадан чыккысы келген эмес. Акыры CNN өз аудиториясы жана Facebook өз колдонуучуларына таңуулап жаткан дүйнө картинасы жөнөкөй жана карама-каршылыктуу эмес го. Тамак-аш, бензин кымбаттап, карыз арбып, ипотеканын мөөнөтү өтүп, жумуш жок. Буга ким күнөөлүү? Албетте, орустар, алардан бөлөк ким болсун!? Ал эми өз өкмөтүң күнөөлүү экенин моюнга алуу үчүн дивандан козголуп, көчөгө чыгып, бир чара көрүүнү талап кылат эмеспи... Мунун баары татаал, кереги да жок. Ошондуктан айрымдар ордунан турбай, чочулап жата берүүнү ылайык көрөт.
Активная фаза учений Rapid Trident на Украине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
"Кооптуу сценарий бар": Батыш эмне үчүн аскердик күчүн Украинага тартууда?
"Аябай коркунучтуу интервью", — дейт YouTube аянтчасындагы колдонуучулардын бири. "Ал (Путин) кооптондурат", — деп кошулат ага экинчиси. "Мени да", — дейт дагы бири. Батыш диний согуштар жүргөн доордон тарта улам бирин коркунучтуу фигура кылып көрсөтүп, дүйнөдөгү бир коркунучту ойлоп таап, жалпы массага ушундай технологияны пайдаланып келет.
Анткен менен желедеги аянтчалардагы пикир жазгандардын көпчүлүгү Путиндин айткандарынан глобалдык истеблишмент кептеген туңгуюктан чыгуунун реалдуу жолдорун баамдай алган. Айрыкча трампчылар, болгондо да Кошмо Штаттардын мурдагы президентинин америкалык тарапташтары гана тургай бүтүндөй дүйнөлүк колдоочулар тобу жандана түшкөн. "АКШнын мурдагы президенти Трамп мырза — сейрек кездешчү, таланттуу киши" деген сөзү социалдык медианын бардык бутактарына, маалымат каражаттарына тарап, өзгөчө салабаттуу улутчулдукту колдогон жана башка мамлекеттердин иштерине кийлигишүүнү жактырбагандарга майдай жаккан. Кеп мында жеке Трамптын өзүндө эмес. Карапайым америкалыктар экс-президенттин обочолонгон саясаты аларга пайдалуу экенин, АКШнын да, ошол эле убакта дүйнөдөгү тынчтыктын бекемделишине өбөлгө болорун жакшы түшүнүшөт.
"Путин улутчул. Ал сиз менен мен сымал эле дүйнөлүк өкмөттү жактырбайт. Путин менен Трамптын окшоштугу ушунда", — деп жагдайды таамай мүнөздөгөн америкалык Breitbart сайтынын бир окурманы. "Ак жуумал "либерал" антиамерикачылар Россияны жек көрөт, — деген оюн жазган Daily Mail сайтынын америкалык бир окурманы — Баам салсаңар, акыркы беш-алты жылда өздөрүнүн көңүлүнө төп келбеген нерселердин баарына Россияны айыпташат. Шайлоодон катуу утулушту, Россия айыптуу болуп чыга келди. Бул эң уят жана күлкү келтирерлик мисал".
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
"Соңку эскертүү": саясат таануучулар Путиндин "украиналык" маегине баа беришти
Путиндин дүйнөлүк басма сөздү дүң кылган дагы бир сөзү быйыл 6-январда конгресске жасалган чабуул туурасында болду. "450 киши камакка алынды, алар 15тен 25 жылга дейре кесилиши мүмкүн. Алар саясий талаптар менен келишкен. Бул саясий көз караш үчүн куугунтуктоо эмеспи?" – деп собол салган РФ лидери америкалык телеканалга берген маегинде. Америкалыктар, дегеле бүт дүйнө бир топ жылдардан бери алгач ирет демократиянын "чордонунда" өздөрүнөн башкача саясий көз караштагыларды аёосуз кодулап келгендерин ойлонуп калышты. Чаламандын чак түшүндө өлтүрүүгө да барышат, буга далил — Эшли Бэббиттин кейиштүү тагдыры.
Россиялык президенттин маеги дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн неге мынчалык бура алды? Себеби Россия бүгүн глобалдык күчтүү державалардын катарына кайтты. Анын лидеринин бардык маселелер боюнча пикирлери талданат, терең каралат, кызуу талкууланат. Баарына кызык, баарына тиешелүү. Путин менен Байдендин жолугушуусу заманбап саясаттын негизги окуясына айланды. Саммит башталганга дейре эле Кытайдан Украинага чейин дүйнөнүн булуң-бурчунда жүз миллиондогон адамдар бул тууралуу кеп кылып кирген. "Путин менен Си — бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң күчтүү лидерлеринин бири, — деп боолголойт Нью-Йорк калаасынан бир окурман, — Байден экинчи скрипкада ойнойт". Америкалык президенттин дарегине айтылган сындарга токтолуп отурбастан, Желенин сентлуисттик дагы бир колдонуучусунун "Путинди Байден менен Харристин ордуна президент катары көргүм келет – ар убак!" – дегени менен гана макалабызды жыйынтыктайлы.
Жаңылыктар түрмөгү
0