Актёр Жан-Клод Ван Дамм Азербайжандан келин алды. Видео

© AFP / MATT WINKELMEYERАктёр Жан-Клод Ван Дамм баласы Кристофер Ван Варенберг менен. Архив
Актёр Жан-Клод Ван Дамм баласы Кристофер Ван Варенберг менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Мындан эки жыл мурда Азербайжандагы Вандам айылында актёрдун айкели орнотулган. Анда Ван Дамм айкел анын купулуна толгонун жазган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Голливуд жылдызы, атактуу актёр Жан-Клод Ван Даммдын уулу Кристофер Ван Варенберг азербайжандык пианист кыз Суаде Гаджизадеге үйлөндү. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазды.
Ал эми Sputnik Азербайжан агенттиги жаш үй-бүлөнүн сүрөттөрүн жарыялады.
Жаштар расмий никеге туруп, бирок COVID-19 пандемиясынан улам үлпөп той берүүдөн баш тартышты.
Актёрго келин болгон 21 жаштагы музыкант Суаде Гаджизаденин ысымы Азербайжандын жаш таланттарынын "Алтын китебине" киргизилген.
Мындан эки жыл мурда Азербайжандагы Вандам айылында актёрдун айкели орнотулган. Анда Ван Дамм айкел анын купулуна толгонун жазган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0