08:34 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
115 0 0

Владимир Путиндин айтымында, россиялык ЖМКлар Американын бардык мыйзамдарынын чегинде иштейт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Жо Байден менен жолуккан учурда RT каналынын жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады. Бул тууралуу ал Женевадагы жолугушуудан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Президент Байден биз чет элдик агент деп жарыялаган Россиядагы "Свобода" радиосунун иши боюнча маселени көтөрдү. Менин байкашыма караганда, АКШлык делегациянын мүчөлөрү Россиянын чет элдик аудиторияга иштеген Russia Today жана Sputnik долбоорлору гана бар экенин билишпейт окшойт. Ага чейин АКШлыктар аларды өз аймагында чет элдик агент деп атап, аккредитацияларын алып койгон. Ал эми биз аларга жооп кайтарганбыз. Ошол эле учурда RT АКШнын бардык мыйзамдарынын чегинде иштейт", — деди Путин.

Ошондой эле ал АКШлык ЖМКлар Россия мыйзамын толугу менен аткарбай турганын өкүнүү менен айтты.

"Биз бул тууралуу кенен сүйлөшкөн жокпуз. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде чечилет деп ойлойм”, — деди президент.

Эске салсак, 16-июнь күнү Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тема боюнча

Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Белгилер:
Жо Байден, Владимир Путин, Женева, Sputnik, Russia Today

ЭҢ МААНИЛҮҮ