09:51 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1545)
191 0 0

Эпидемиологдун айтымында, денени калчылдаткан оору менен жөтөл COVID-19дун "индиялык" штаммында көп кездешпейт. Жыт билбей калуу да негизги белгилерден эмес.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Коронавирустун "индиялык" штаммы жукканда кишини ашказан, ичеги-карын көбүрөөк тынчсыздандырат, ал эми жөтөл, калтыроо, чыйрыгуу аз кездешет. Бул туурасында РИА Новости Роспотребнадзордун Эпидемиология боюнча борбордук илим-изилдөө институтунун өкүлү Наталья Пшеничнаяга таянып кабарлады.

"Ири алдыда COVID-19дун бардык белгилери жытты билбей калууну кошкондо өзүнчө бөлүнүп турбастыгын билип алсак. Бул нерсе ооругандардын 70-80 пайызында кездешет. Мурда басымдуулук кылган клиникалык белгилерде SARS-CoV2нин жаңы штаммдарынан улам азыр бир катар өзгөрүүлөр байкалып жатат", — деген Пшеничная.

Ал коронавирустун "индиялык" түрүндө ашказан, ичеги-карын, муун ооруп, табит жоголуп, кусуп, жүрөк айланып, кулак укпай каларын айтты.

"Индиялык дарыгерлердин айтымында, пандемия башталары менен бейтаптардын ичи өтүп, буттарда микротромбоздор байкалып, ал ириңдеп кеткендиктен манжаларын кескенге туура келип жатат", — деген эпидемиолог.

Пшеничная чет элдик окумуштуулар денени калчылдаткан оору менен жөтөл COVID-19дун "индиялык" штаммында көп кездешпестигин, жыт билбей калуу да негизги белги эместигин айтканын билдирген.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1545)

Тема боюнча

459 кишиден вирус табылды, 700гө жакын бейтап оор абалда. COVID статистикасы
ДССУ башчысы COVID лабораториядан чыгарылды деген божомолду четке какпайт
Белгилер:
Россия, Индия, коронавирус, жаңы штамм

ЭҢ МААНИЛҮҮ