11 мүнөт үчүн 28 миллион доллар. Безос менен космоско учуучу орун сатылды

© REUTERS / Isaiah DowningNew Shepard кемесинде Blue Origin жана Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив
New Shepard кемесинде Blue Origin жана Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Аукционго катышуу ниетин билдирип дүйнөнүн 159 өлкөсүнөн 7 600 киши катталды. Жеңүүчү аукцион бүткөндөн бир нече апта өткөн соң жарыяланат.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Аты айтылбаган сатып алуучу америкалык Blue Origin компаниясынын New Shepard кемеси менен космоско учуу мүмкүнчүлүгү үчүн 28 миллион доллар төлөдү. Бул тууралуу аталган компанияга таянып "Известия" жазды.
Сатыкка катышуу үчүн 159 өлкөдөн 7 600дөй киши катталган. Аукциондун жеңүүчүсү New Shepard кемесинде Blue Origin жана Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос жана анын агасы Марк менен бирге 20-июлда космоско учат. Асманга учуу болжол менен 11 мүнөткө созулат.
New Shepard Техастагы космодромдон көтөрүлөт.
Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Дүйнөдөгү бай адамдардын рейтинги өзгөрүп, Жефф Безос артка жылды
Капсула экипаждан ажырагандан кийин тигинен конууга туура келет, капсула Жердин бетинен болжол менен 105 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, андан кийин парашют менен конот.
Жеңүүчү аукцион бүткөндөн бир нече апта өткөн соң жарыяланары белгиленет. Кийинчерээк төртүнчү жана экипаждын акыркы мүчөсүнүн ысымдары айтылат.
Blue Origin буга чейин New Shepard космос кемесинде пилотсуз режимде 15 ирет тесттик учуулар жасалган. Акыркысы апрель айынын орто ченинде болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0