ДССУ башчысы COVID лабораториядан чыгарылды деген божомолду четке какпайт

© REUTERS / POOLДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, иликтөөнүн алгачкы этаптарында Кытай тараптан "ачык-айкындуулук жана кызматташтык" жетишсиз болгон.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус SARS-CoV-2 лабораториядан чыгарылышы мүмкүн деген божомолду четке какпай турганын айтты. Бул  тууралуу ал G7 лидерлеринин саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Эл аралык уюмдун башчысы коронавирус инфекциясын кеминде 174 миллион адам жуктуруп, 3,75 миллион киши анын кесепетинен каза тапканын билдирди.
"Адамдар оору кандай чыкканын билүүсү керек деп ойлойм. Бул кийинки пандемияларды алдын алуу үчүн керек", — деген Гебрейесус.
Анын айтымында, SARS-CoV-2 вирусунун келип чыгышын иликтөөнүн алгачкы этаптарында Кытай тараптан "ачык-айкындуулук жана кызматташтык" жетишсиз болгон. Жетекчи ар бир божомол иликтениши керектигин кошумчалады.
"Маалыматтар, айрыкча "чийки" маалыматтар менен алмашууда кыйынчылыктар болду... Кийинки этапта кызматташуу жакшырат деп ишенебиз", — деди ДССУ башчысы.
Лабораториялык центрифугасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
COVID изилденбесе адамзат башка коркунучка кабылат. Илимпоздун эскертүүсү
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму март айында коронавирустун келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн Ухань шаарына барган эксперттердин отчетун жарыялаган. Адистер вирус лабораториядан келип чыккан деген версияны "чындыкка өтө дал келе бербейт" деп, ошол эле учурда оору адамга жарганаттардан башка жаныбар аркылуу жуккан деп божомолдошкон. АКШ жана башка 13 мамлекет эксперттердин тыянагына "тынчсыздануусун" билдирип, "көз карандысыз иликтөө" жүргүзүү зарылдыгын билдиришкен.
Кытай өз кезегинде иликтөө иштерин жүргүзүүгө, деги эле эпидемия темасына ачык экенин билдирип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0