Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.
Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.
Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.
Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
"Соңку эскертүү": саясат таануучулар Путиндин "украиналык" маегине баа беришти
Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.
Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.
Кишилер Facebook конференциясын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?
Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.
Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0