08:40 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
20910

АКШлык адистердин НЛО тууралуу пикири россиялык аткаминердин күлкүсүн келтирди. Ал "жашыруун программанын мурдагы жетекчисинин же акылы ордунда эмес, же "НЛОнун айланасында массалык чуу чыгаруу боюнча атайын программага катышып жатат" деп эсептөөдө.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Таанылбаган учуучу аппараттар (НЛО) аралашып, АКШнын өзөктүк потенциалын иштен чыгарып салышкан. Бул тууралуу The Washington Post басылмасына Пентагондогу адаттан тышкаркы аэрокосмостук көрүнүштөрдү анализдеген жашыруун кызматтын мурдагы директору Луис Элизондо билдирди.

АКШнын Коргоо министрлигинде НЛО аббревиатурасынын ордуна "абадагы түшүнүксүз көрүнүш" термини колдонулат.

"Биздин өлкөдө "абадагы түшүнүксүз көрүнүш" аралашып, АКШнын ядролук потенциалын иштен чыгарып салган учурлар болгон. Ошол эле маалда бизде алар башка өлкөлөрдүн өзөктүк технологияларына аралашкандыгы тууралуу мисалдар бар. Башкаларда, тетирисинче, ядролук программаларды иштетип салган. Ошон үчүн бул нерсе мен үчүн маанилүү", — деди адис.

Анын айтымында, НЛО менен АКШнын ядролук технологиялары кайсы бир жерде кесилишет. Ошондой эле ал мындай көрүнүштөр башка дагы мамлекеттерде байкалып жатканын айтып, бул нерсе глобалдык көйгөй экенин кошумчалады.

Пентагондун жашыруун программасынын жетекчисинин айткандары россиялык сенатор Алексей Пушковдун күлкүсүн келтирди. Анын айтымында, массалык түрдө чуу чыгаруу АКШ бийлигине өз өлкөсүн жакшы башкарууга шарт түзүп берет.

"Акыры НЛО бар экен да! Болгондо дагы АКШнын ядролук программаларына, объектилерине кирип кетишет экен", — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналына. 

Россиялык аткаминердин пикиринде, "жашыруун программанын мурдагы жетекчисинин же акылы ордунда эмес, же НЛОнун айланасында массалык чуу чыгаруу боюнча атайын программага катышып жатат".

Буга катар АКШнын атайын кызматтары дагы акыркы жылдары Американын аскердик учкучтары көрдүк деп жүргөн "абадагы түшүнүксүз көрүнүштүн" башка планетадан келген космостук кемелер менен байланышы боюнча далилдер табылбаганын кабарлады.

Атайын кызматтардын докладында акыркы 20 жыл ичинде документке түшүрүлөн 120 учур иликтөөгө алынган. Ошондой эле бул феномендердин АКШнын технологияларына эч кандай тиешеси жок экени айтылат.

Тема боюнча

Пентагон Калифорниянын үстүнөн учкан НЛО боюнча видеону тастыктады
"Капкара НЛО". АКШда асманда калкыган белгисиз объектини видеого тартып алышты
Белгилер:
АКШ, НЛО, Пентагон, Алексей Пушков

ЭҢ МААНИЛҮҮ