Булкулдап келип сүздү. Жаалданган пил унаанын капотун талкалаган видео

© AFP / SIMON MAINAПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Түштүк Африканын Крюгер жаратылыш паркында жаалданган пил автоунаанын маңдайын сүзүп талкалап, жолдун четине чыгарып салды.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. The South African басылмасынын билдиришинче, пил кол салган учур автокөлүктүн видеокаттагычына түшүп калган.
​Адистердин айтымында, айдоочу кетип баратканда пилдер жолдун ортосунан өтмөкчү болгон. Үйүрдүн башчысы коркунуч туулуп жатат деген тейде ачуусу келип кол салган болуш керек деп айтылат.
Видеодон пил булкулдап келип унааны сүзгүлөп, капотун талкалап, андан кийин жолдун четине сүрүп салганын көрүүгө болот. Жаныбар андан ары эч нерсе кылбай басып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0