09:51 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (24)
325 0 0

Бишкекте "Сапат" лицейлер тармагынын дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандыны таппай, издеп жатышат. Анкара аны Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын атаандашы, дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташы деп эсептейт.

Анткен менен Түркия Кыргызстанда өзүнүн мектептерин ачууну көздөөдө. Аталган өлкө Борбор Азияга канчалык деңгээлде таасирдүү экендигин Sputnik жасаган баяндамадан окуңуз.

Чатактын башы болгон мектеп

Орхон Инандынын ишмердүүлүгүнө байланышкан чыңалган учурлар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир нече ирет болгон.

Фетхуллах Гүленди кылмышкер деп ага Түркия издөө салгандан кийин Борбор Азияда "Хизмет" кыймылынын мектептери биринин артынан экинчиси жабыла баштады. Бирок алардын ичинен жалгыз Кыргызстан аталган билим жайларын "Маариф" фондуна өткөрүп берүүдөн баш тартты. Лицейлердин аты "Сапат" деп өзгөртүлүп, анын түзүүчүлөр курамына Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кирген.

2001-жылдары Гүлендин учурунда аталган лицейлер тармагына жетекчи болгон Орхан Инандынын кызматында калганы түрк бийлигинин бир катар өкүлдөрүнүн кыжырын кайнаткан. 2019-жылы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачууга келип, Инандыны көргөндөн кийин "террорчу менен бир дасторконго отуруудан" баш тарткан.

Кыргызстан Гүлендин мектептерин эмнеге жапкан жок?

"Кыргызстанда чындыгында чет элдик тараптын кийлигишүүсү бар, ар кыл бейөкмөт уюмдар көп. Ал эми Түркиянын таасири анча деле эмес, андыктан бийлик Гүлендин мектептерин оппозициянын инструменти катары пайдаланып жабышы мүмкүн. Мындай көрүнүш "Сапатта" байкалган деле жок", — деген пикирин билдирген чыгыш таануучу Алексей Малашенко.

Кыргызстан Гүлен мектептери боюнча ортодогу тактиканы тандап алганын КРдин премьер-министринин кеңешчиси, Стратегиялык иштеп чыгуулар боюнча "Евразия" деп аталган борбордун жетекчиси Кубатбек Рахимов айтып берди.

Советник премьер-министра КР по экономике Кубат Рахимов на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
"Евразия" деп аталган борбордун жетекчиси Кубатбек Рахимов
"Кепти Режеп Тайип Эрдоган менен Гүлендин жакын мамиледе болгонунан баштасак. Мектептер боюнча маселе Түркиянын ичиндеги ажырым. Ал эми бул мектептерде идеологиялык жактан башкача адамдар тарбияланат деп айтардан мурда Кыргызстан көз каранды эмес өлкө экендигин эске алуу шарт. Маселен, анын өзүнүн көзөмөлдөө рычагы, мамлекеттик стандарты бар. Билим берүү министрлиги лицейде окутулуп жаткан сабактарга өзүнүн таасирин качан болбосун тийгизе алат", — деген эксперт.

Ал арада январда Кыргызстандын тармактык ведомствосу "Маариф" фонду менен Бишкекте жаңы түрк лицейлерин ачуу боюнча келишимге кол койгон.

Бул фонддун алдында ачылган мектептерди Түркиянын парламенти колдоп турат. Түрколог Алексей Образцов бул кайсы бир жактан алганда Гүлендин мектептеринин моделин кайталай турганын айтты.

"Эмне деп, кандай деп айтышпасын, Гүлен мектептеринин программасы бир топ жөндүү билим берүү мекемеси болчу. Түркия өзүнүн тарапташтарын колдоосуна күч менен эмес, тескерисинче, маданияты менен тилин сунуштап, анан ээ болду. Бул модель 1990-жылдардан бери Борбор Азияда ийгиликтүү болуп калды. Себеби саясат ваакумду жактырбайт, СССР кулагандан кийин аймакта Түркиянын таасири, албетте, өстү", — деди ал.

Рахимов Борбор Азия мамлекеттери Анкара аларга сунуштаган, ислам аша чаппаган жана европалык долбоорлор катышкан моделди жагымдуу, өздөрүнө ылайык деп тапканын кошумчалады.

"1989-жылдан 2000-жылга чейин Түркия кезектеги кайра жаралуу мезгилин башынан өткөрдү. Өлкөдө ИДП өстү, албетте, мунун арты менен пантүркчүл кыймылдар башын көтөрдү. Түрк мектептери менен лицейлерин ачуу боюнча биринчи агым Өзбекстандын көп аймагына кирди, андан кийин буга Казакстан менен Кыргызстан кошулду. Аталган мектептердин толкунуна россиялык аймактардан Татарстан менен Башкыртсан да активдүү кошулду. Жылдар өтө берди, ал арада түрктөрдүн өздөрүнүн көңүлү кайт болду: Ататүрктүн заманында эле Европанын мусулман бөлүгү болууну каалашкан. Бирок ал азыр ишке аша элек", — дейт эксперт.

Образцов Эрдогандын ыкмасын бир аз эскирген деп, аны төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Түркия жетекчилигинин Борбор Азияга арыш жасайм деген ниети абдан чоң, бирок бул экономикалык жактан бекемделген эмес. Түркия студенттик мобилдик "Мевляна" программасын уюштурган, бирок аны масштабдуу деп атоого болбойт. Тагыраагы, түрк жетекчилигинин айтканы жасай турганынан арбын болуп кетип жатат", — деген Образцов.

Түркиялык программалар көп учурда Россия маданиятына альтернатива катары чыгып калат деген пикири менен Россиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматери Станислав Притчин бөлүштү. Ал Карабахтагы чатакка байланышкан учурда "Маариф" фондунун Азербайжанга өткөн аймактарга түрк мектептерин ачууга даяр экендигин билдиргенин мисал катары келтирди.

Руководитель аналитической группы Центра изучения Центральной Азии и Кавказа Института востоковедения РАН Станислав Притчин во время круглого стола
© Sputnik / Владимир Трефилов
Россиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматери Станислав Притчин

"Географиялык саясат жагынан алып караганда Түркия таасирин арттыруу боюнча болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Бирок Россия үчүн ал системалык кооптуу эмес, себеби Борбор Азия мамлекеттери менен Түркия жакындан баштап гана туугандаша баштады. Аларды кайчылаштырып турган нерсе — түрк тили (бирок бул Тажикстанда эмес — ред.). Ал эми Россия менен башка кеп, Түркия атаандаша албай турган узак тарых жана экономикалык өз ара алака-катнаш бар", — дейт Притчин.

Баары акча менен өлчөнөт же Россия менен атаандаштык

Эл аралык масштабдагы кандай гана идеологиялык иш болбосун акчаны талап кылат, ал нерсе Россияда жок деген пикирин Образцов билдирди.

CNBC аналитиктеринин берген баасына караганда, Түркияда пандемиядан улам жумушсуздук 25 пайызга өсүп кеткен, ал эми бюджеттин тартыштыгы 2020-жылдын соңунда 25 миллиард долларды (андан бир жыл мурда 22 млрд. эле) чапчыды.

"Өлкөдө калыш үчүн экономикалык кызыкчылыктар керек. Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода токтоп калды. Товар алмашуу өткөн жылы 507 миллион долларды түздү", — дейт Рахимов.

Түркия менен Тажикстандын 323 миллион долларлык соода алмашуусунан улам төмөндөп кеткен финансылык көрсөткүчтү байкоого болот. 2020-жылы Түркия менен Казакстандын (РФ менен 19 млрд. доллар) бул жааттагы алакасы 3 млрд. доллар, Өзбекстан менен 2,1 млрд. (РФ 5,6 млрд.) доллар болгон.

"Билим берүү программалары жагынан Россия Түркия менен ийгиликтүү атаандашып келе жатат. Аймактарда "Россотрудничество" агенттигинин долбоорлоруна суроо-талап көп. Аны менен катар эле Россия БУУнун гуманитардык жардам миссиясынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын мектептеринде окуучуларды түшкү тамак менен акысыз камсыздап келет. Бул Борбор Азия мамлекеттеринин Москва менен болгон байланышын бекемдеп, коомчулуктун дүйнө таанымына таасирин берет", — деген Рахимов.

Россия Борбор Азия мамлекеттеринин студенттерине квота берип эле чектелбестен, аймактын ичинде билим берүү аянттарын да кеңейтип келет. Бүгүнкү күндө Өзбекстандан россиялык ЖОЖдордун 12 филиалы иштеп жатат. Россиялык бир нече окуу жайдын өкүлчүлүктөрү Казакстанда да ачылган. Ал эми 1-июндан тарта Кыргызстанда бул тажрыйбаны алып Россия ЖОЖдорунун филиалын жергиликтүү мекемелердин базасында ачуу сунушталган. Тажикстанга баштапкы билим берүү мекемелерин ачууга Россия 30 миллион доллар бөлдү.

"Россиялык билим аймак үчүн келечектүү бойдон калганын көрүп жатабыз. Андан сырткары, Россиянын ролун ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу уюмдар жогорулатат. Россия Федерациясы мындан ары да жаңы түзүмдөрдү уюштуруп, ошондой эле бейөкмөт уюмдарды түптөйт деп ишенебиз. Себеби аймактагы өзгөрүүлөр менен жаңычылдыктарга мындай уюмдар ыкчам реакция кылат эмеспи", — деп сөзүн жыйынтыктаган Притчин.
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (24)

Тема боюнча

Болгон жерди тинтип, сурак да жүргүзүп жатабыз. ИИМ Инандыны издөө тууралуу
Изделип жаткан Орхан Инанды тууралуу эмне белгилүү. 8 факты
Белгилер:
"Маариф" фонду, лицей, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси, Орхан Инанды, Россия, Түркия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ