Илимпоздор COVID-19дун лабораторияда жасалганына дагы бир далил табышты

© AFP / LUIS ACOSTAЛабораторияда иштеген адис. Архив
Лабораторияда иштеген адис. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Адистер коронавирустун жаңы түрүнөн CGG-CGG комбинациясындагы ырааттуулукту аныкташкан. Окумуштуулардын айтымында, адатта муну адистер вирус жугуштуу болуп, өлүмгө жеткиргидей кылып жасашат.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. COVID-19дун кадимки коронавируста жок генетикалык изи табылды. Бул тууралуу доктор Стивен Куэй менен Калифорния университетинин физика боюнча профессору Беркли Ричард Мюллердин The Wall Street Journal басылмасына жарыяланган эмгегинде жазылганын РИА Новости билдирди.
Адистер коронавирустун жаңы түрүнөн CGG-CGG комбинациясындагы ырааттуулукту табышкан. Окумуштуулардын айтымында, адатта муну адистер вирус жугуштуу жана өлүмгө жеткиргидей болуш үчүн жасашат. Бул коронавирустун жаңы түрү лабораторияда жасалган дегенге далил.
Медициналык кызматкер ооруканадаа COVID-19 менен ооруган адамды кабыл алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
ЖМК: Ухандагы илимпоздун аялы COVID-19дан пандемияга чейин эле көз жумган
Куэй менен Мюллер билдиргендей, жаратылышта CGG-CGG ырааттуулугу сейрек кездешет. Ал тургай кадимки коронавирус делген SARS же MERS вирустарында мындай ыраат жок.
Макалада коронавирустун жаңы түрү жаныбардан адамга өткөн деген тыянак чыгарган окумуштуулар эмне себептен COVID-19 мутация учурунда CGG-CGG ырааттуулугун тандап алганын түшүндүрүшү керектиги жазылган.
Окумуштуулар коронавирустун жаңы түрүнүн жасалма экенине дагы бир далил катары анын генетикалык ар түрдүүлүгүндөгү чоң айырмачылыкты аташкан. Алсак, COVID-19дун белгилери SARS жана MERS вирустарыныкынан кыйла айырмаланат.
"Маселен, акыркы эки вирус адамдарга тез эле адаптация болуп кеткен. Коронавирустун жаңы түрүн адамдын организмине адаптациялоо үчүн аны жасагандар жайылтардын алдында көп убакыт кетирген. Вирусту мындай кылуунун бир эле жолу бар. Ал — вирустун табигый эволюциясын моделдештирип, жакшы натыйжа бергичекти адам клеткаларында өстүрүү ыкмасы. Бул иш лабораторияларда жасалат", — деп айтылат макалада.
Буга чейин британиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирус атайын лабораторияда жасалганын тастыктаган далилдери бар экенин жар салган.
Шприцтин ийнеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
ЖМК: британиялык окумуштуулар COVID лабораторияда жасалганына далил табышты
ДССУ Уханда коронавирустун пайда болушун иликтеген эксперттердин эл аралык тобунун докладын жарыялаган. Анда адистер SARS-CoV-2 вирусунун лабораторияда чыгышы күмөн экенин айтышкан. Алар вирус адамдарга жарганаттан жукканын божомолдошкон.
Ошол эле учурда АКШ жана дагы 13 мамлекет ДССУнун бул тыянагына тынчсызданып, вирустун келип чыгышын аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигин айтып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0