ДССУ: вакциналар менен дары-дармектер COVID-19ду жеңе албайт

© AP Photo / Emilio MorenattiКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 173 миллиондон ашык адам жуктурду. Анын ичинен 3,7 миллиондон ашыгы көз жумду. Ал эми 2,1 миллиард киши вируска каршы вакцина алды.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Адамдар коронавирусту толугу менен жеңе албайт, андыктан вирус менен жашоого үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Дэвид Набаррого шилтеме берип ВВС жазды.
"Коронавирустун толугу менен жок болуп кетиши чындыкка окшошпой турат. Вакциналар менен дары-дармектер дагы вирусту жеңе албайт. Улам жаңы штаммдар пайда боло берет. Буга көнүшүбүз керек", — деди Набарро.
Ошондой эле адис адам баласы коронавирустун жаңы толкундарына таң калбай жашоосу керектигин кошумчалады.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 173 миллиондон ашык адам жуктурду. Анын ичинен 3,7 миллиондон ашыгы көз жумду. Ал эми 2,1 миллиард киши вируска каршы вакцина алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0