Генетиканын да таасири бар. Эркектер коронавирусту эмнеге оор көтөрөрү айтылды

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Изилдөө аялдар эркектерге караганда ооругандан алты ай өткөндөн кийин эффективдүү иммундук коргонууга ээ болгонун көрсөткөн. Бул аялдын организминдеги өзгөчөлүк катары сыпатталат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Коронавирус эркек менен аялга кедергисин бирдей тийгизет, бирок көз жумгандардын арасында эркектер көп. Бул тууралуу "Известия" европалык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып жазды.
Лабораториялык центрифугасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
COVID изилденбесе адамзат башка коркунучка кабылат. Илимпоздун эскертүүсү
Эркектер диабет, жүрөк-кан тамырдын жана дем алуу органдарынын өнөкөт илдеттери менен көп жабыркагандыктан коронавирусту оор көтөрүшөт.
Страсбург университетинин ооруканасынын жана Пастер институтунун адистери COVID-19дан жапа чеккен 308 дарыгердин саламаттыгына изилдөө жүргүзүшкөн.
"Натыйжада аялдар эркектерге караганда ооругандан алты ай өткөндөн кийин эффективдүү иммундук коргонууга ээ болушкан. Башкача айтканда, антителолор узак убакытка сакталган. Бул аялдын организминдеги өзгөчөлүк. Бирок алар аутоиммундук ооруларга көбүрөөк кабылышат", — деген окумуштуулар.
Мындан тышкары, оорунун жүрүшү генетикадан да көз каранды. Аялдар эки Х-хромосомага ээ жана анда көптөгөн иммунитет гендери топтолгон, ал эми эркектерде бирөө гана бар. Ошондой эле аялдардын эстроген, прогестерон жана жыныс гормондору да маанилүү роль ойной турганы болжолдуу түрдө айтылып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0