Гарри менен Меган Маркл кыздуу болду. Ага чоң энелеринин ысымы ыйгарылды

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASБританиянын ханзаадасы Гарри жубайы Меган Маркл менен. Архив
Британиянын ханзаадасы Гарри жубайы Меган Маркл менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Кызынын ысымын Лилибет (Лили) Диана деп коюшкан. Бул Гарринин апасы менен чоң энесинин аттарынан алынган.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл кыздуу болду. Бул туурасында РИА Новости жубайлардын билдирүүсүнө таянуу менен жазды.
Кызынын атын Лилибет (Лили) Диана Маунтбеттен-Виндзор деп аташкан. Бул Гарри менен Мегандын экинчи перзенти, эки жыл мурда Арчи аттуу уулдуу болушкан.
"Лили 4-июнь күнү саат 11:40та Калифорния штатынын Санта-Барбара шаарында жарык дүйнөгө келди", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле түгөйлөр наристенин ысымын Гарринин чоң энеси, Елизавета II канышанын (үй-бүлөдөгү каймана аты Лилибет) урматына коюшканын айткан. Ал эми экинчи атын ымыркайдын маркум чоң энеси Диана Уэльскаяга сый-урмат көрсөтүү үчүн анын ысымын беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0