COVID изилденбесе адамзат башка коркунучка кабылат. Илимпоздун эскертүүсү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛабораториялык центрифугасы. Архив
Лабораториялык центрифугасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Окумуштуунун ою боюнча, изилдөөнү вирус тараган Ухандан баштоо керек. Хотез ал жакка үлгүлөрдү чогултуу үчүн окумуштуу, эпидемиолог жана эксперттерди жиберүү зарылдыгына токтолгон.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Эгер COVID-19 вирусунун эмнеден келип чыкканы жана анын жаратылышы жакшылап изилденбесе, анда дүйнө COVID-26 жана COVID-32ге кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык окумуштуу жана инфектолог Питер Хотез NBC News телеканалына маек берип жатып айтты.
"Коронавирус — SARS жана MERS вирустарынан кийинки эле 21-кылымдагы үчүнчү ири эпидемия. Эгер биз COVID-19 кайдан чыкканын так аныктабасак, анда дүйнөгө COVID-26 жана COVID-32 вирустары тарашы мүмкүн", — деген Хотез.
Илимпоздун ою боюнча, изилдөөнү вирус тараган Ухандан баштоо керек. Хотез ал жакка үлгүлөрдү чогултуу үчүн окумуштуу, эпидемиолог жана эксперттерди жиберүү зарылдыгына токтолгон.
Медициналык кызматкер ооруканадаа COVID-19 менен ооруган адамды кабыл алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
ЖМК: Ухандагы илимпоздун аялы COVID-19дан пандемияга чейин эле көз жумган
"Бул иште сөзсүз Кытайдын жардамы керек. Антпесе коронавирустун кантип пайда болгонун изилдөө кыйын болуп калат. Кытайдагы алдыңкы эпидемиологдор менен вирусологдордун командасына жаныбарлар, лабораториялар, үлгүлөр боюнча изилдөө жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн Кытай бийлигине санкциялар менен болсо дагы кысым көрсөтүшүбүз керек", — деген америкалык окумуштуу.
Буга чейин ДССУ Уханда коронавирустун пайда болушун иликтеген эксперттердин эл аралык тобунун докладын жарыялаган. Анда адистер SARS-CoV-2 вирусунун лабораторияда чыгышы күмөн экенин айтышкан. Алар вирус адамдарга жарганаттан жукканын божомолдошкон.
Ошол эле учурда АКШ жана дагы 13 мамлекет ДССУнун бул тыянагына тынчсызданып, вирустун келип чыгышын аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигине токтолушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0