"Баграм" авиабазасы афган бийлигине өтөт: коалиция учуп кетүүгө үлгүрөбү?

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIВертолет Blackhawk
Вертолет Blackhawk  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Коопсуздуктун компенсациялык механизмдерин алдын-ала түзүп койбостон Афганистандан АКШ менен НАТО күчтөрүнүн шашылыш чыгарылышы "бизден соң эмне болсо, ошол болсун" деп артын карабай качып бараткандай элес калтырат.
Мындай жагдай Борбор Азия чөлкөмүндө согуштук аракеттердин тутанышынын жаңы тобокелдиктерин жаратат. Вашингтон жана Брюссель Кабулга "кайрым пул" сунуштоодо, анткен менен афган базарында коопсуздук менен тынчтыкты сатып ала албайсың...
Коалиция күчтөрүнүн кетиши кандай кесепеттерге кептейт, бөлүнгөн каражат көңүл жубатабы, ири авиабаза кантип кайтарылат. Афганистандагы ушул жана башка күн деминен аскерий баяндамачы Александр Хроленко кеп козгойт.
1-июнда АКШ борбордук командачылыгы Афганистандан америкалык күчтөрдүн 30дан 44 пайызга чейинки бөлүгү чыгарылганын маалымдады. Boeing C-17 Globemaster III аскердик-транспорттук учактары 300 каттам жасап, Коргоо жаатындагы жабдуу агенттигине жарактан чыгарууга жабдуу жана техниканын 13 миң бирдиги өткөрүлдү.
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
Пентагондогулар жакынкы үч аптада Афганистандын өкмөттүк армиясына Ислам республикасындагы америкалык аскердик-аба операцияларынын башкы штабы катары кызмат кылып келген эң ири Баграм авиабазасын өткөрүүгө даяр экенин да билдирди. Ал эми азырынча ал жакта миңдеген чет өлкөлүк аскер кызматкерлери жайгашууда.
Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс да мурдараак Афганистандан күчтөрдү чыгаруу Кошмо Штаттарды чабалдатарын айткан. АКШ жана Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрүндөгү эксперттердин жоон тобу бул процесс болжоого оор кесепеттерге алып келчү кандайдыр бир "качууну" элестетип жатканын белгилешкен. Аталган республикага чектеш Борбор Азия өлкөлөрү да тынчсызданууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин да аймактагы кесиптештери менен маал-маалы менен телефон аркылуу байланышы көңүлдү жайгарбайт.
Афганистандан аскердик базаларды коңшу мамлекеттердин аймагына көчүрүү аракеттери Душанбе, Ташкент, Бишкек, Нур-Султан, Ашхабад, Исламабадда жылуу кабылданган жок. Талибдер АКШнын мындай пландарына караманча-каршы чыгып, "ката кетиргендин катыгын беребиз" деген тейде опузалап туру.
Түзүлгөн кырдаалда Брюссель аброюн сактап калууга далбас уруп, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Афганистанда өкмөттүк күчтөрдү каржылоону жана дипломатиялык орун алууну улантууну убадалоодо.
Кабул батыштык союздаштарынын чегинишинен улам көңүлү калып, Москва менен аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенди. Ислам республикасында мурдагыдай эле октун үнү жаңырып, тротил жана апийим жыттанып келет...

Жардыруулар токтобогон Кабул

Бул айдын алгачкы күнүндө эле Афганистандын борбор калаасында эки жардыруудан сегиз киши набыт болуп 14 киши жабыркады. Болгондо да шаар автобустары бутада экен. Эгер чет өлкөлүк күчтөр пландалгандай чыгарылса, афгандар аралык сүйлөшүүлөр механизми ишке кирип, моджахеддерге бийлик жана тынчтыкка жол ачыла турган болсо, "Куралданган оппозицияга" жай жарандарды жок кылуунун кажети канчалык? Өлкөнүн болочогу тууралуу талкуу жана бийлик үчүн күрөштө талибдердин башка аргументи жок көрүнөт. Республиканы эмиратка айландыруу аракети алар кынык алгандай террордук каражаттар менен уланууда.
Өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кагылышкан учурлары кыйла өскөнү май айында АКШ жана НАТОнун күчтөрүнүн чыгышын кыйла тездетти. Жай ортосунда алар калбас.
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
НАТО жагдайга дипломатиялык таасир этип, афган коопсуздук күчтөрүн каржылап жана Ислам республикасынын чегинен тыш афган жоокерлерин даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароого ниеттенет. Кабулда АКШ элчилигинин 1000 чакты кызматкери калат. Анткен менен иш жүзүндө Афганистан эми өз арбайын өзү согот. НАТО стандарттары боюнча афган армиясынын аскер кызматкерлерин көп жылдык даярдоо талибдерди жеңүүгө жол ачпады, чет өлкөлүк формат эч нерсе өзгөртө албайт.
Афганистандын америкалыктар тарабынан окуудан өткөн, куралданган жана жабдылган 350 миңдик армиясы талибдердин 50 миңдик "колуна" татыктуу туруштук берүүгө жөндөмсүз. Вашингтондун кызыкчылыктары менен айкалышпаганы анык Кабулдун Москва менен аскердик-техникалык кызматташтыгын чыңдоого ниети кыйла мазмундуу туюлат.
Афганистандын РФтеги элчиси Саид Тайеб Жабад 29-майда Кабул Москвадан курал жана аскердик техника сатып алууга даяр экенин кабарлаган. Мындан сырткары, Афганистандагылар Россия талибдердин кайтышын алдын алууга тийиш".
ЖККУ өлкөлөрүнүн чөлкөмдөгү коопсуздугун бекемдөө жаатында иш өз, прагматикалык жана реалисттик нугунда. Борбор Азияда жакында беш биргелешкен окуу өтөт.
Чек арадагы куралдуу жаңжалдан тарта абалды андан кийинки жөнгө салууга чейин тынчтык орнотуу операцияларынын жүрүшүндө ырааттуу күчтөрдү пайдаланууга машыгышат.
Борбор Азиядагы стратегиялык багытты жоопкерчилигине алган россиялык Борбордук аскердик округ быйыл жайда Россия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагында биргелешкен тогуз эл аралык окуу өткөрөт. Эске алсак, Борбордук аскердик округдун курамына Тажикстандагы 201-аскердик жана Кыргызстандагы бириккен аскердик базалары кирет.

Кыйраган чеп

Баграм авиабазасы Афганистан үчүн стратегиялык мааниге ээ, Кабулдан 40 чакырым аралык ыраакта жайгашкан, бир нече периметрдеги коопсуздук жана 3 600 метрге созулган учуш тилкеси бар эбегейсиз бул аскердик объект өлкөнүн бүт аймагын абадан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Мындай маанидеги жана масштабдагы "Батыш аэродромдору" республикада жок, болушу да мүмкүн эмес.
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?
"Баграмды" өкмөттүк күчтөргө өткөрүп берген соң талибдердин отряды чет өлкөлүк күчтөрдүн ыкчам кайтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн авиабазаны тез эле басып алышы ыктымал (соңку айларда аскердик базалардын моджахеддерге өткөрүү тенденциялары байкалган).
Окуянын мындай өнүгүшү Кабулга, аскердик-транспорттук авиациянын учактары менен көчүп кетүүгө үлгүрбөй турган чет өлкөлүк союздаш жана өнөктөштөрдүн бөлүктөрүнө жаңы көйгөйлөрдү убадалайт.
Чет өлкөлүк күчтөрдү чыгаруунун жердеги варианттары таптакыр мүмкүн эмес. Афганистандын өнүккөн транспорттук системасы жок. Өкмөттүк күчтөр жана отуз террордук топтор ортосундагы таасир этүү аймагы үзүлгөн. Мисалы, Бундесвер контингентинде бар. Анда 1300дүн тегерегинде аскер кызматкери кызмат өтөйт.
Германия өкмөтү февралдын аягында Афганистандагы НАТОнун жетекчилигиндеги Resolute Support эл аралык операциясына куралдуу күчтөрдүн катышуусун 2022-жылдын 31-январына дейре узарткан. Бундесвер жыйырма жыл аралыгында Афганистанда 59 аскер кызматкеринен айрылып, 16 млрд. евродон ашуун каражат короткон. Бул тууралуу бир нерсе деш ашыкчадыр.
Ислам республикасынын коргоо министри Асадулла Халид 1-июнда чет өлкөлүк күчтөрдүн 90 пайыз чыгарылышына дейре аскердик операциялар афган бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми талибдер көп өтпөй "зордук-зомбулуктан четтеп, тынчтык процессине кошулат". Халид НАТО өлкөлөрү менен аскердик кызматташууну улантууга ниеткер. Ал: "Эл аралык коомчулуктун милдеттенмелери жана биз менен макулдашуулары бар. Зарылдыгы чыкса, алардын аскердик-аба күчтөрү бизге керек жерде жардамдашат", — дейт. Башкы собол: бул күчтөр кайдан учуп келет? АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн авиаташуучусун Персид булуңунда кармоо азыркы афган өкмөтү үчүн "камсыздандыруучу" көрүнүш катарында.
New York Times басылмасы белгилегендей, АКШ жана НАТО июлдун башы же ортосунда күчтөрдү чыгарып кетүүгө ниеттенген. Кайра артка кайтышпайт. Америкалык мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Борбор Азиядагы акыркы убактагы "көзөмөлдөөчү телефон чалууларынын" көп кайталанышы эртеңки күнгө кескин ишенбөөчүлүк жана Тажикстан, Өзбекстан же башка бир өлкөнүн АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнө "ийин тосууга" үмүтсүздүгүнөн кабар берет.
Чет өлкөлүк күчтөрдү чыгаруудан кийин Афганистандагы кырдаалдын нугун АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы генерал Марк Милли: "Жаман же жамандан да начар болот", — деп так жоромолдогон.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянсак, "Талибандан"* тышкары, 15 афган провинциясында "Аль-Каиданын"* согушкерлери бар. Ал эми "Ислам мамлекети"* тынчтык процессине каршы чыккан талибдерди өзүнө тартууга умтулат. Согуш аяктай элек.
* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0