Кирешесиз сезон: Европа Россиянын айынан миллиарддаган чыгымга учурады

© AFP / Jorge GuerreroПляжда бет капчан жүргөн кыздар. Архив
Пляжда бет капчан жүргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Европа биримдигине мүчө мамлекеттер вакцина алган туристтер үчүн эшигин ачып жатат. Бирок эс алууга көп акча сарптаган россиялык туристтер алардын катарында эмес. Европа мамлекеттеринин туризм тармагы Россиянын айынан чыгымга учураганына Наталья Дембинская сереп салды.
Евро биримдик туристтер үчүн эртерээк ачылууга аракет жасап жатат. Бирок россиялык вакцинаны каттоого шашкан жок. Демек, быйыл дагы мурдагы жылдардай эле россиялык туристтердин эсебинен түшө турган ондогон миллиарддардан куру калганы турушат. Отельелер менен рестораторлор алдыдагы чыгымдарды эсептеп жатса, европалык жөнгө салуучулар Москва геосаясий таасирин күчөтөт деп чочулоодо. Германия үчүн болсо саясат менен бюрократиялык формалдуулукту унутуп "Спутник V" вакцинасын алуу артык болуп турат.

Убакытты чоюп жатышат

"Спутник V" вакцинасын дүйнөнүн 46 мамлекети тааныды. Анын экөө европалык мамлекеттер — Венгрия менен Словакия. Европанын дары-дармек каражаттары боюнча агенттигинин (EMA) медициналык багытта колдонулчу препараттарды караган комитети россиялык вакцинаны экспертизадан өткөрүү процедурасын 4-мартта эле ишке киргизген. Бирок бул боюнча иш дагы деле ордунан жылбай турат.
Түндүк деңиз жолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Россия ТИМи Түндүк деңиз жолунун Суэц каналына салыштырмалуу артыкчылыктарын атады
Москва иш атайылап токтотулуп турганына толук ишенет. Сырткы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкиндин айтымында, EMA бул боюнча "Европа биримдигинин жогорку кабинеттеринен сигнал алган".
Март айында Reuters агенттиги Европа биримдиги россиялык вакцинаны "ыңгайсыз режимдин пропагандалык жүрүшүнө" каршылык көрсөтүү максатында алгысы келбей жатканын жазган. Батыштын эксперттери февраль айында эле Москва менен Пекиндин "вакциналык дипломатиясы" жөнүндө кеп кыла баштаган. Европа биримдигине киргендердин пикиринде, Россия менен Кытай геосаясий таасирин күчөтүү максатында өздөрүнүн препараттарын дүйнө жүзү боюнча өндүрүү жана сатуу үчүн келишимдерди түзүп жатат.
Анткен менен Reuters агенттиги дипломатиялык жана расмий маалымат булактарына таянып европалыктар "Спутник" вакцинасын караштырып жатканын жазган. Себеби 450 миллион калкты эмдөө зарылдыгы бар. Ал эми өздүк ресурс жетишсиз.

Чыгымдарды эсептешти

Европа биримдигине мүчө мамлекеттер вакцина алган туристтер үчүн эшигин ачып жатат. Бирок эс алууга көп акча сарптаган россиялык туристтер алардын катарында эмес. Европа рыногу үчүн бул, албетте, жагымсыз көрүнүш.
Глобальная система межбанковской связи SWIFT - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Россия ТИМи SWIFT санкция оюндарына аралаштырыла баштаганын айтты
БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун эсеби боюнча 2014-жылдагы экономикалык кризистин алдында чет өлкөгө барган россиялыктар бир жылда 50 миллиарддан ашык доллар сарптап, бул параметр боюнча алдыңкы бештикке кирген.
Visa Global Travel Intentions уюмунун изилдөөсү боюнча пандемияга чейин россиялык саякатчы чет өлкөдөгү эс алуусуна орто эсеп боюнча 1 676 доллар сарптаса, европалыктар 1 174 доллар короткон. Божомолдор боюнча, келерки эки жылда дүйнөлүк орточо көрсөткүч 36 пайызга өсүп, 2443 долларга жетиши керек болчу. Натыйжада россиялык туристтер беш пайызга көп каражат сарптамак.

Саясатты унутуу

Тармак жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасап жатат. Европа биримдигинин аткаруучу директору айткандай, туризмди тез арада калыбына келтирүү зарылчылыгы бар. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен EMA тарабынан уруксат берилген вакцинаны алган бардык өлкөлөрдүн жарандарына Европа өлкөлөрүнө кирүүгө уруксат берүү сунушталды. Азырынча тизмеде Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson жана AstraZeneca бар. Кезекте Кытайдын Sinovac вакцинасы турат.
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Лукашенко Батыштагы каршылаштарына укуругу узун экенин көрсөттү
Россиялыктар менен Европанын туристтик индустриясынын "Спутник V" препаратынын каттоодон өтөрү боюнча үмүтү акталган-акталбаганы ачык маселе бойдон калууда. Кыязы, бул жылы дагы европалык отелдер менен ресторандар эс алууга акчасын кенен чачкан россиялык туристтерден куру жалак калат.
Таң калтырганы ЕБ ишенимдүү жана коопсуз вакцина сатып алууга даяр. Бирок Брюссель буга жол бербей жатат. Жакшы мисал — бул Германия. Апрель айында эле Бавариянын премьер-министри Россиянын түз инвестициялар боюнча фонду менен "Спутник V" вакцинасын сатып алуу боюнча меморандумга кол койгон. Биринчи партиясы июлда жеткирилет деп үмүт артылган, эми күзгө чейин күтүү керек. Бавариянын премьери ЕБнын бийлигин саясий себептерден улам убакытты чоё бербей препаратты эртерээк каттоодон өткөрүүгө чакырган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0