Борбор Азияда аскердик базалар кимге жана эмне үчүн керек? Пикир

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу транспорттук учакта америкалык аскер кызматкерлери. Архив
Аэропорттогу транспорттук учакта америкалык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Россиядагы Финансы университетинин массалык коммуникация жана медиабизнес департаментинин доценти Геворг Мирзаян биздин чөлкөмдө америкалык базаларды түзүү маселесинин тегерегиндеги ойлорун ортого салган.
Борбор Азия жана анын айланасындагы аймакта Кошмо Штаттардын базаларын түзүү келечеги жөнүндөгү талкуулар уланып туру. Бирок орто азиялык мамлекеттердин өздөрүнө мындан эмне пайда?
Көйгөйлөр жок эмес
Афганистандан коалиция күчтөрүн чыгаруу процесси эптеп-септеп уланууда. Ал 11-сентябрда аяктайт, бирок америкалыктар өз жоокерлерин алыска жөнөткүсү келбегенин билдиришти. Ошол себептен АКШ жакында орто азиялык өлкөлөрдүн бири – Тажикстан (бул өлкөнүн оор экономикалык абалынан пайдаланып), Кыргызстан (батыштык коммерциялык эмес уюмдар активдүү иш алпарган), Өзбекстан (бейтарап нукта бараткан) же Казакстан менен макулдаша турганы боюнча макалалар байма-бай жарыяланууда.
Жергиликтүү да, россиялык расмий өкүлдөр да мындай ой ишке ашырылбастыгын айтышууда. "Тажик жана өзбек тараптагы байланыштарыбыз расмий кайрылуу түшпөгөнүн айтып жатышат. Экинчиден, бул мүмкүн эместигин билдиришет. Ошондуктан буга каршылык көрсөтүүгө деле туура келбейт", – дейт РФ Тышкы иштер министрлигинин Азия экинчи департаментинин жетекчиси Залмай Кабулов. Ошондой эле ал бу жаатта камтама болуунун кажети жоктугун айтат.
Генерал-майор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Радио
Медетбеков: учурда Борбор Азияда абал кооптуу
Чөлкөмдөгү мамлекеттер өздөрүн толук коопсуз сезишпейт, ислам террорчулары, афган согушкерлери, ошондой эле көпчүлүк ойлогондой, келечекте кытай өңдүү "жашыл" интернационал алардын суверенитетине коркунуч туудурап турат. Жергиликтүү элитанын айрым өкүлдөрү жарандык кепилдиктердин ынанымдуулугунан шек санайт.
Борбор Азия өлкөлөрүндө (алардын эң байларында да) акча каражатынын таңсыктыгы бар, ал эми америкалыктар бир топ берешен экени белгилүү эмеспи. Ушул үч маселе турат. Анткен менен америкалык базаларды жайгаштыруу аларды дароо чечип жибербейт. Орто Азия өлкөлөрү кылдаттык менен Армениянын жана ЖККУнун мүчөсү болгон Азербайжандын чек арасындагы кырдаалга кылдат көз салып турганы шексиз. Алар үчүн бул ЖККУнун аракетке жарамдуулугу, тагыраак, мүчө-өлкөлөрдүн аймагын коргоого жөндөмдүүлүгүн текшерчү сынак сымал. Ооба, бул улуттук өзгөчөлүк менен сынак, өз территориясын коргоону каалабаган армениялык бийликтин кызыктай жүрүм-туруму өздөрүнө милдеттенме алган тышкы күчтөр үчүн курал болуп саналат. Башка сынак азырынча жок.
Эгер Армения – Азербайжан чек арасындагы калаба токтобосо, анда Орто Азияда россиялык кепилдиктердин ынанымсыз экенин жар салган, тезинен бөлөк өнөктөштөрдү издөө абзел дегендердин үнү күч алат. Маселен, америкалыктарды.

Америкалыктар жана тартип

Анткен менен кептин баары Кошмо Штаттар аяк баскан жагына тынчтык менен коопсуздукту алып келбей турганында. Болгондо да маселе Орто Азияга келгенде... Себеби Москвадан айырмаланып Вашингтонго чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздуктун кереги жок. Россия жана Кытай үчүн көйгөй жаратуу далалатында Кошмо Штаттар орто азиялык мейкиндикти болушунча туруксуздаштырууну (Орто Азия аркылуу Кытай өз товарларын Батышка жөнөтүп, андан энергетикалык ресурстарды аларын, ал гана эмес тынчы жок Синьцзян менен чектешерин эске алуу менен) көздөйт. Тынчтыкты ар кыл ыкмалар менен бузарын баары эле түшүнүп турат. Ислам радикалдары атыккан "кол согушкерлерин" да (америкалыктардын андай күчтөргө көшөкөрлөнгөнү боюнча кеп узун, бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган "Ислам мамлекети" топтору муну төгүнгө чыгарбас), ошондой эле батыш маанайына сугарылган заманбап жаштар тарабынан ишке ашырылчу "Майдан" аркылуу жүргүзөрү айтпаса да анык го.
Коргоо тармагындагы кызматташтык өнөктөштөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүз жана жергиликтүү жарандарды "туура жашоого" үйрөтүү аракеттерисиз жүргүзүлөрүнө эч кандай кепилдик бере алышпайт. Дал ушул себептен бүгүнкү күндө Орто Азияда коопсуздукту камсыз кылуунун бир гана формуласы бар: америкалыктар азыраак, ал эми орустар (чөлкөмдү башканын коргогусу жок, даяр да эмес жана буга жөндөмсүз) жана эки тараптуу кызматташуулар көбүрөөк болушу зарыл.

Башкалардан кем калбайбыз

Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады

Соңку убакта аймактагы мамлекеттер ортосундагы чек ара же башка пикир келишпестиктер биргеликте иштөөгө бөгөт коюп, болбогон жерден жаңжалдык кырдаалды жаратып турду. Бирок азыр алардын бийликтери Орто Азиянын мамлекеттеринин баары жападан жалгыз айнек үйдө турганын, өздөрүнөн башка эч кимдин жоктугун аңдашты. Ошондуктан өздөрү да, Россиянын калкалоосунда да чөлкөмдө бирдиктүү мейкиндик түзүүгө киришишти. Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда "Жибек Жолу визасы" деп аталган Шенгендин аналогун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктап барат. Бул чет өлкөлүктөргө аталган эки өлкөгө саякаттоодо бир виза алууга жол ачат.

Эгер долбоордун тагдыры ийгиликтүү чечилсе, ага Кыргызстан да кошулушу мүмкүн. Ал эми оңдой берди болуп жүзөгө ашырылса, мындан туризм гана пайда көрбөйт. Бирдиктүү виза форматы атайын кызматтардын кызматташтыгын, бири-бири менен маалымат алмашуусун (бирдиктүү маалымат базасын түзүү мүмкүнчүлүгү бар), ошондой эле биргелешкен экономикалык программаларды да тереңдетет. Интеграция жана өз ара көз карандылыктын тереңдеши жаңжал деңгээлин азайтуу жана жакындагы эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалы сымал кейиштүү окуяларга жол бербөөгө жакшы өбөлгө эмеспи. Буга америкалыктардын зарылдыгы деле калбайт.
Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0