Жоокерлер сүрөткө түшүп, Байден тизелеп... Видео

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШнын президенти Жозеф Байден аскерлер менен жолугуп сүрөткө түшкөндө сыңар тизелеп турган
АКШнын президенти Жозеф Байден аскерлер менен жолугуп сүрөткө түшкөндө сыңар тизелеп турган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Социалдык тармактар АКШ президентинин кезектеги кадамына ар кандай пикирлерди калтырууда. Көбү таң калгандыгын жашырган жок.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден аскерлер менен жолугуп сүрөткө түшкөндө сыңар тизелеп турган. Мамлекет башчысы катышкан иш-чаранын видеосу "Пул N3" деп аталган Telegram-каналга жарыяланган.
Бул окуя аскерлер менен жолугушууда болгон. Иш-чаранын соңунда ал аскерлерге сүрөткө түшүүнү сунуштаган.
Аскерлер тизилип турганда алардын алдына келген президент жанында турган отургучка таянып, сыңар тизелеп отура калган.
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты
Сүрөткө түшүп бүткөндөн кийин туруп, андан соң ал аскерлер менен сүйлөшүүсүн уланткан.
Социалдык тармактар АКШ президентинин кезектеги кадамына ар кандай пикирлерди калтырууда. Көбү таң калгандыгын жашырган жок. Интернет-колдонуучулар арасынан АКШ лидеринин мындай кылганына күлгөндөр да болду.
Бул прездинттин тизелеген биринчи окуясы эмес. Мурдараак Пенсильвания штатындагы Скрантон шаарында нааразылыкка чыккандар алдында да тизе бүккөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0