ЖМК: британиялык окумуштуулар COVID лабораторияда жасалганына далил табышты

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File PhotoШприцтин ийнеси. Архив
Шприцтин ийнеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Далглиш менен Соренсен 2002-2019-жылдар аралыгында Уханда окумуштуулар жүргүзгөн экспериментти анализдеп көрүп, кытайлык илимпоздор SARS-CoV-2 вирусун жаратуу үчүн инструменттерди иштеп чыгышкан деген жыйынтыкка келишкен.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Британиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирус атайын лабораторияда жасалганын тастыктаган далилдери бар экенин жар салды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Айрым адамдарда коронавируска тубаса иммунитети болушу мүмкүн
Далглиш менен Соренсен 2002-2019-жылдар аралыгында Уханда окумуштуулар жүргүзгөн тажрыйбаларды анализдеп көрүшкөн. Натыйжада алар кытайлык илимпоздор Американын университеттери менен биргеликте SARS-CoV-2 вирусун жаратуу үчүн инструменттерди иштеп чыгышкан деген жыйынтыкка келишкен.
Британиялык илимпоздордун айтымында, Ухандын адистери вирус адамдын клеткаларында тез көбөйүшү үчүн аны жугуштуу кылууга аракет кылышкан.
"Кытайдын адистери мындай жол менен коронавирустун адамдарга болгон таасирин изилдөөгө аракет кылышкан. Адистер Ухандагы окумуштуулар коронавирустун негизин жарганаттардан алышкан деп эсептейт", — деп жазылат маалыматта.
Коронавирус табигый эмес, жасалма экенин далилдеген белгилердин бири — бул Далглиш менен Соренсен коронавирустан тапкан төрт катар болгон аминокычкыл.
Британиялык адистердин айтымында, адатта табигый түрдө пайда болгон вируста бир катарда төрт аминокычкыл болушу мүмкүн эмес.
"Табигый түрдө пайда болгон вирустарда үч аминокычкылдын чынжырчасы сейрек кездешет. Ал эми бир катарда төрт аминокычкылдын жайгашуусу чанда болчу көрүнүш жана күмөн жаратат", — деген Соренсен.
Буга чейин ДССУ Уханда коронавирустун пайда болушун иликтеген эксперттердин эл аралык тобунун докладын жарыялаган. Анда адистер SARS-CoV-2 вирусунун лабораторияда чыгышы күмөн экенин айтышкан. Алар вирус адамдарга жарганаттан жукканын божомолдошкон.
Ошол эле учурда АКШ жана дагы 13 мамлекет ДССУнун бул тыянагына тынчсызданып, вирустун келип чыгышын аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигине токтолушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0