Футболист майрамдоо учурунда автобустан түшүп калган видео

© AFP / ALEJANDRO PAGNIЖеңишти майрамдап жаткан футболчулар. Архив
Жеңишти майрамдап жаткан футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Футболдук клуб спортчунун кырсыктан кийин дароо ооруканага жеткирилгендигин жана аны медиктер карап чыккандыгын билдирди.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Кожаэлиспор" футболдук клубунун оюнчусу Бахри Жан Авжы командасы менен Түркиянын жогорку лигасына чыкканын майрамдап кетип бара жатканда автобустан кулап түшкөн. Бул туурасында Eurosport жазды.
​"Сакарьяспорго" каршы оюн 4:0 эсебинде аяктап, команда үстү ачык автобус менен көчө аралап кетип бара жатканда футболчу кандайдыр себептер менен кулап түшкөн. Видеого Авжынын жерге жыгылган учуру түшүп калган.
"Майрамдоо учурунда, тилекке каршы, биздин футболчу автобустан кулап түшкөн. Оюнчу ооруканага жеткирилди, азыр баары жакшы ", — деп айтылган маалыматта.
2020/2021-жылдагы сезондо Авжы 11 оюнга катышып, бир ирет гол киргизген.
Жаңылыктар түрмөгү
0