ЖМК: АКШ "биринчи арктикалык согушка" даярдык көрө баштаганын жар салды

© AP Photo / Staff Sgt. Daniel Love/U.S. Army AlaskaВоенные учения США в Аляске
Военные учения США в Аляске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Американын аскер деңиз күчтөрү аймактагы катаал климатка туруктуу келген жаңы согуштук курал-жарак жасоого буюртма берген.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШ Арктикада чыгып кетиши мүмкүн болгон согуштук аракеттерге даярданып жатат. Бул тууралуу The National Interest билдирди. 
Макаланын автору Крис Осборндун айтымында, Вашингтон "ак аюулардын жанында мушташ уюштурууну" пландап жаткан жок. Пентагон кардын эришинен улам бир катар мамлекеттер, биринчи кезекте Россия Арктикада жаңы стратегиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу мүмкүн деп кооптонгонун билдирген. Москва аталган аймакта аскерлеринин санын көбөйтүүдө, ошол себептен Америка аймактагы стратегиясын кайра кароого мажбур болуп жатканы белгиленген.
Германиядагы Түндүк агым – 2 газ түтүктөрү станциясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Киев АКШдан "Түндүк агым – 2" боюнча санкцияларды кайтарууну талап кылууда
Кошмо Штаттар Россиянын Арктикадагы жетишкендиктерине туруштук берүү үчүн Норвегия менен стратегиялык кызматташууну бекемдей баштады. Жакында эле америкалык деңиз жөө аскерлер корпусу менен Норвегиянын аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өткөн.
Макалада АКШнын Арктикадагы активдүүлүгүн күчөтүүсүнө Россиянын аймакка аскер базасын куруп, бир катар машыгуу операцияларын жасаганы түрткү болгону айтылат. Мындан сырткары, Россия Федерациясы Түндүк деңиз жолунда иштеген көптөгөн ири муз жаргыч кемелерге ээ.
Американын аскер деңиз күчтөрү аймактагы катаал климатка туруктуу келген жаңы согуштук куралдарды жасоого буюртма берген. Дрондордун жардамы менен Арктикадагы суу тилкесин күчөтүлгөн шартта изилдөө башталды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0