23:36 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
59 0 0

Сүзүп жүрүүчү аралда мейманкана ачылат. Дайыма жашыл болуп турган дарактар отургузулуп, күндөн энергия алуучу батареялар менен жабдылат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Индия океанында курорт-арал курулат. Сүзүп жүрүүчү бул объект суудагы таштандыларды чогултарын The Daily Mail маалымат булагы жазды. 

Кокос аралдарынын (Австралиянын тышкы аймагы) жанына мындай объектини куруу идеясы архитектор Марго Красоевичке таандык. Аралда мейманкана курулуп, душ үчүн тазаланган деңиз суусу колдонулат. Аны күндүн энергиясын пайдалануу менен ишке ашыруу пландалган.

Аралга ар дайыма жашыл болуп туруучу манго дарагынын көчөттөрү отургузулмакчы. Туристтер аралдагы жыгач жолдор менен жүрө алышат. Алардын суу астындагы бөлүгүнө таштанды топтоочу мүшөктөр байланат.

Сүзүп жүрүүчү курорт-арал планга ылайык 2025-жылы бүткөрүлүп, туристтерди кабыл ала баштайт.

Тема боюнча

21 млн тонна! Атлантика океанында сүзүп жүргөн желим таштанды эсептелди
Белгилер:
арал, курулуш, таштанды, экология, океан, мейманкана, дарактар, суу

ЭҢ МААНИЛҮҮ