17 жаштагы кыз тогуз ай бою бала көтөрүп жүргөнүн билбей көз жарды

CC0 / Pixabay / silviaritaБеременность женщины
Беременность женщины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Кыз дени-карды соо 3,36 килограмм салмактагы бала төрөгөн. Тогуз ай бою кош бойлуулуктун эч кандай белгиси байкалган эмес.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Улуу Британияда 17 жаштагы студент кыз Эллиша Форд күтүүсүз жерден наристелүү болгонун Daily Mail жазды. 
Кыздын айтымында, тогуз ай бою кош бойлуулуктун эч кандай белгиси байкалган эмес, толгоо башталганда ичи ооруп жатат деп ойлогон. Окуя Лестершир графтыгында болгон.
Медайым төрөт үйүндө 25 жаштагы Халима Сиссе балдары менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Бир ирмемде беш кыз, төрт уулдуу болуп... 25 жаштагы африкалык келин 9 эм төрөдү
Форддун билдиришинче, айызы токтогон эмес, ичи дагы чоңоюп, салмак кошпоптур. Жадагалса тапшырган тести да терс жыйынтык көрсөткөн.
Наристеси төрөлөрдө Эллиша азык-түлүккө чыгып көп кыймылдаган. Ичи ооруп баштаганда гана ооруканага кайрылган. Аны караган дарыгер кош бойлуулуктун 43-жумасында экенин, кыз толготуп жатканын билдирген. Андан соң Форд беш сааттан кийин дени карды соо 3,36 килограмм салмакта баланы жарыкка алып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0