Киев АКШдан "Түндүк агым – 2" боюнча санкцияларды кайтарууну талап кылууда

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүүГерманиядагы "Түндүк агым – 2" газ түтүктөрү станциясынын кызматкери. Архив
Германиядагы Түндүк агым – 2 газ түтүктөрү станциясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Кошмо Штаттар "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы санкциялардан баш тарткан. Ошол замат эле Киев миллиарддаган чыгымдарды эсептей коюп, Вашингтондон түшүндүрмө талап кылды.
Аталган өлкөнүн тынчсызданганынын да жөнү бар: россиялык газ эми аны айланып өтүп, Украина аркылуу транзит мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган. Ал эми 2024-жылы "Газпром" — "Нафтогаз" келишиминин мөөнөтү аяктаганда көмүрсуутекти алуу үчүн таптакыр кирешесиз калышы ыктымал. Кырдаалга РИА Новости сереп салды.

Моюн сунушту

Долбоорду токтотууга бир нече жолку аракеттен соң америкалыктар алардан майнап чыкпасын аңдашты. Вашингтон газ түтүгүн куруп жаткан Nord Stream 2 AG компаниясына чектөөлөрдү алды. Бул орчундуу бир деңгээлде анын аякташына коюлган бөгөттөрдү жоет.
Мамлекеттик департамент конгресске доклад даярдап, санкцияга кабылган компания жана кемелерди тизмектеп берген. Документ Nord Stream 2 AG ишканасына таасир этүүнү сунуштайт, бирок ошол эле жерде бул чаралар Энтони Блинкендин чечими менен жокко чыгарылганы маалымдалат. Мамлекетик катчы муну "улуттук кызыкчылыктар" деп түшүндүргөн, анткен менен чоо-жайына токтолгон эмес.
Ямал СПГ газ казуучу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат
Америкалык маалымат каражаттары Мамлекеттик департаменттеги булактарга таянуу менен Вашингтондогулар долбоорду Германиядагы керектөөчүлөргө каршы санкциялар менен гана токтотууга мүмкүн деген бүтүмгө келишкен. Антпесе натыйжасы болбойт, себеби газ түтүгү 95 пайызга даяр болуп калды. Ал эми рыноктун Германиядагы катышуучуларын кысымга алуу ансыз да мурдагы америкалык президенттин тушунда сууй тушкөн Берлин менен мамилени бузуп алуу тобокелдиги бар.
Дональд Трамп европалыктардан НАТОну каржылоого көбүрөөк каражат талап кылып, ошону менен катар эле соода пошлиналары менен опузалаган. Европа биримдигинин тышкы саясий кызматынын расмий өкүлү Питер Стано эми Вашингтон абалды түзөтүүгө умтулуп жатканын белгилеген.

Чыгымдарды эсептеп чыгышты

Киевде эмитен эле алдын ала чыгымдарды эсептеп коюшту. "Украина ГТС оператору" компаниясынын жетекчиси Сергей Макогондун айтымында, "Түндүк агым — 2" өлкө экономикасын жылына беш-алты миллиард доллардан ажыратат. Россия транзитти токтоткондо Украина бир жарым миллиарддан ажырайт. Газдын баасы жогорулайт, анткени аны ЕБден ташууга туура келет. Бул дагы эки-үч миллиардды кемитет.
"Биздин экспорт да кымбаттайт, маселен, жер семирткичтер. Калк үчүн тарифтер көтөрүлөт, анан субсидия үчүн да көбүрөөк керектелет", — деп түшүндүрөт Макогон.
2020-жылы транзит үчтөн бир бөлүгүнөн көп көлөмгө, тагыраак 55,8 миллиард куб метрге чейин кыскарган. Бул отуз жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч, мурунку жылдары 90 миллиарддан кем болгон эмес. Ал тургай каатчылык каптаган 2014-жылы да 62 миллиард алынган. 146 миллиарддык долбоордук кубаттуулукта газтранспорттук тутумунун учурдагы иш жүгү 30 пайыздан кем. Буга бир катар көрүнүштөр себеп болду. 2020-жылы 65 миллиард көлөмдү түзүүгө тийиш болчу. Бирок "Газпром" менен келишимге кеч кол коюлгандыктан биринчи кварталда (айрыкча январь менен февралда) россиялык экспорттун жеке агымдарын бөлүштүрүүдө украиналык газтранспорттук тутуму катышкан эмес. Анан да карантин өкүм сүргөн жылуу кыш Европа жана Азияда газга болгон суроо-талапты азайтып, бааны да төмөндөтүп жиберген. Ал эми Украина аркылуу көмүрсуутек алуу — калдык принциби боюнча колдонулуучу өтө эле кымбат параметр. Быйыл транзиттен арылуу аракетин улантышкан. Февралда январга караганда төрттөн бирге азыраак.
Сербия жана Болгарияда "Түркиялык агым" газ түтүгүнүн курулушу аяктаган соң украиналыктардын өз эсебинде жылына он-он эки миллиард куб метр кем болуп калат.
"Газпром" Сербия, Босния жана Герцеговинага эбак жаңы маршрут менен жөнөтүүгө өткөн.

Санкцияны талап кылып...

Америкалыктардын чечими Киевдин көңүлүн чөгөрдү. Украина Радасы АКШнын конгрессинин өкүлдөр палатасын жана сенатын курулушту "толук жана кайра кайткыс кылып" токтотуу үчүн бардык мыйзамдуу каражаттарды пайдаланууга чакырды. Алардын оюнда Россия энергетиканы "гибриддик согуш инструменти" катары колдонууга тырышууда. Киевдегилер "Украинанын да, Европанын да энергетикалык коопсуздугуна түз коркунуч жаратып" жатканына ынандырууга далбас ургандай. Бирок украиналык талдоочулар да бул абалга кептелгени үчүн Киев өзүн гана айыптай аларын айтышат.
Адис Түндүк агым - 2 газ түтүгүнүн аймагында иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Миллиарддаган доллардан кол жууп... "Түндүк агым — 2" октябрга чейин бүтөбү
Энергетикалык стратегия институтунун түптөөчүлөрүнүн бири Юрий Корольчук газ транзити жаатындагы жагдай — рынок үчүн күрөштө саясий нукту тандап алган "Нафтогаздын" гана күнөөсү. Россиялык бардык газ түтүктөрү ачылган соң Украина аркылуу алуу арзыбаган көлөмдө каларын эскертти.
"Маселе Румыния менен кандай болсо, Венгрия жана Балкан өлкөлөрү менен да ошондой. Алар жакында газды Борбордук-Чыгыш Европа менен "Түркиялык агымды" туташтырып турган реверстик интерконнектор-газ түтүктөрүнөн ала башташат", — деп тактады ал.

Алаканы оңдоо аракети

Америкалыктар Европа менен чатакташууну каалабайт, Россия менен да мамилени түзөтүүгө каршы эмес. Мындай оюн Инженердик билим берүү европалык коомдун башчысы профессор Самюэль Фурфари билдирди. Анын айтымында, "Түндүк агым – 2нин" курулушуна каршы туруу башынан эле маңызсыз, натуура аракет болгон.
Германияны долбоордон баш тартууга көндүрүүгө аракет кылган конгресстеги эки партиянын тең "шумкарлары" чектен чыгып кетишкен. Байден да мындан кабардар. Кошмо Штаттар шантаж өңдөнгөн өздөрүнүн катаал ыкмасын Берлинде күтүлгөндөй жыйынтык бербесин түшүнүштү десек жарашат.
Жакынкы жылдары Украинада өзгөчө жагымсыздыктар менен транзиттин жоголушу күтүлбөйт. 2024-жылга дейре "Газпром" менен түзүлгөн келишим "газ сордур же төлө" принцибин карайт. Бул кеминде эле жылына 40 миллиард куб метрди түзөт. "Түндүк" жана "Түркиялык агымдарды" ишке киргизгенде Россия украиналык багыттан баш тартышы ыктымал. Эгер саясий өңүттөн улам кайсы бир убакка чейин сактап кала турган болсо да Киевдин ортомчулук келечеги күмөн. Анткени европалык рынок өтө тездик менен алмашууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0