Балким күтүлбөстүк болор. Эксперт Путин менен Байдендин жолугушуусу тууралуу

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жозеф Байден. Архивф
Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жозеф Байден. Архивф - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Эки президенттин РФ менен АКШнын кийинки мамилелерин, стратегиялык туруктуулукту, эл аралык күн демин, COVID-19га каршы күрөштү талкуулай турганы айтылууда.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жозеф Байден ушул жылдын 16-июнунда Женевада жолугат. Бул туурасындагы маалыматты Кремль билдирип, аны Ак үй тастыктады.
Sputnik радиосунун обосунда саясат таануучу Алексей Мухин эки державанын башчылары эмне тууралуу сүйлөшө тургандыгын алдын ала божомолдоду.
Алар талкуулай турган маселелердин ичинде эки тараптын кийинки мамилелери, стратегиялык туруктуулук, эл аралык күн деми, COVID-19га каршы күрөш, аймактагы чатактарды жөнгө салуу иштери бар.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, жолугушуу майда-чүйдөсүнө чейин дагы такталып, макулдашылат.
Sputnik радиосунун эфиринде Саясий маалыматтар борборунун директору Алексей Мухин талкуулана турган темалар эки тараптын мамилесине жараша аныкталарын айтып берди.
"Азыр бизде карама-каршылыктар курч болуп турат, бул аныкталган нерсе. Эгерде биздин тирешип же достошконубуз түшүнүксүз болсо, ал өз ара мамилебиздеги конструкцияларды түзүүдө байкалмак. Ал эми азыр биз касташып жатканыбызды билебиз. Муну Россия баштаган жок, бизге ушундай болгонун өздөрү айтып, дешти. Андыктан Россия, АКШ президенттери глобалдуу коопсуздукту талкуулайт, себеби бул баарына тиешелүү. Мамлекет башчылары, андан сырткары, климаттагы эле эмес, эл аралык мамиледеги глобалдуу өзгөрүүлөрдү талкуулайт", — деп эсептээрин айткан Мухин.
Эксперттин пикиринде жолугушуу эки мамлекеттин мамилесиндеги жаңы алаканын башталыш этабы болушу мүмкүн.
Түндүк агым – 2 долбоорунун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
"Долбоорго кийин кайтабыз...". Байденге Германия Путин менен кезигерде керек
"Кеп жаңы Ялта конференциясы боюнча жүрүп жатат. Бул сүйлөшүүлөр боюнча процесстер жакында бүтпөйт. Антейин десең сюрприз да болуп, сүйлөшүү тез, ыкчам аяктап калышы мүмкүн. Бирок! АКШ өзүнүн башкаларга таңуулаган "Россия жогорку статустагы эл аралык оюнчу эмес" деген пикирине карабай, эми анын таптакыр башка тарабын таанууга аргасыз. Жолугушат деген нерсенин өзү эле бул туурасында айтып турат", — деген саясат таануучу.
12-апрелде Байден Путин менен телефондон сүйлөшүп Вашингтондун Москва менен "туруктуу жана мурда күткөндөй эле" АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жооп берген мамилеге умтуларын эске салган.
Ак үй буга чейин Россиянын президенти менен жолугушуу жайдын башында болот деп үмүт артарын билдирген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0