Бразилияда COVID-19дун тез тарап жаткан жаңы түрү табылды

© AP Photo / Eraldo PeresКоронавирус жуктурган бейтапты ооруканага алып кетип жаткан медицина кызматкерлери. Архив
Коронавирус жуктурган бейтапты ооруканага алып кетип жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Бразилия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда келе жатат. Биринчи орунда АКШ болсо, экинчиде Индия. Бул өлкөлөрдө күн сайын он миңдеген адам вируска чалдыгууда.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сан-Паулу университетинин (Бразилия) окумуштуулары коронавирустун мурдагылардан да тезирээк тараган жаңы түрүн таап алышты. Бул тууралуу Бразилиянын вирусология коомунун вице-президенти Жоао Песоа Араужу Жуниорго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Вирустун P4 деп аталган жаңы вариантынын кайдан жана кандайча келип чыкканы белгисиз. Алгач ал Мокока муниципалитетинен табылып, кийин башка жактарга дагы тездик менен тарап кетти. Бирок анын мурдагыларга салыштырмалуу канчалык кооптуу экени азыр аныктала элек. Бул вирус "бразилиялык" штамм менен бир топко кирет", — деп айтылат кабарда.
Жоао Песоа Араужу Жуниордун айтымында, вирустун P1 түрү жана "британиялык" штаммы бар аймактарда тездикте жайылууда. Андыктан өлкө бийлиги Коронавирустун геномдору тууралуу эркин маалымат алуу эл аралык бирикмесине (GISAID) вирус тууралуу толук маалымат берди. Ал жактан ага P4 деген аталыш ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0