Дүйнөдөгү бай адамдардын рейтинги өзгөрүп, Жефф Безос артка жылды

© AP Photo / Cliff OwenAmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив
Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск дагы бар. Анын байлыгы 147,3 миллиарда доллар деп бааланды.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Миллиардерлердин Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде алдыңкы сапка Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди. Бул тууралуу Forbes басылмасынын сайтында жазылган.
© AFP / ERIC PIERMONTМиллиардерлердин Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде алдыңкы сапка Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди
Председатель и главный исполнительный директор LVMH Бернар Арно - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Миллиардерлердин Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде алдыңкы сапка Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди
Ага ылайык, өткөн суткада ал 710 миллион долларга байып, жалпы капиталы 186,3 миллиард долларды түздү. Арно рейтингде байлыгы 186 миллиард доллар болгон Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон озуп кеткен.
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск дагы бар. Анын байлыгы 147,3 миллиард доллар деп бааланды.
Ошол эле учурда башка Bloomberg Billionaires Index аттуу рейтингде Amazon компаниясынын башчысы алдыңкы сапты эч кимге берген эмес. Ал эми Арно 162 миллиард доллар менен экинчи орунда турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0