ДССУ: COVID-19дан дүйнө боюнча 115 миң ак халатчан ажал тапты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗакладка памятника медикам, погибшим во время пандемии COVID-19
Закладка памятника медикам, погибшим во время пандемии  COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Азырынча отчёт толук чыга элек, оору менен күрөшүп жатып көз жумган медиктердин саны мындан да көп болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Пандемия башталгандан бери дүйнө боюнча COVID-19 илдетинен 115 миң медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды. 
Анын айтымында, азырынча отчёт толук чыга элек, оору менен күрөшүп жатып ажал тапкан ак халатчандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.
"Дүйнөнүн бардык жеринде адам өмүрүн сактап калыш үчүн медиктер тиешелүү жабдуулар жана медикаменттер менен камсыздалган эмес. Аларга жетиштүү эмгек акы төлөнбөйт, сыйлашпайт, ошондой эле иштөө шарты да кооптуу. Саламаттык сактоонун кызматкерлери чыныгы баатырлар. Башкаларды коргойм деп өз жанын курмандыкка чалды", — деп билдирүү жасаган Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 74-сессиясында.
Аталган жыйын 24-майдан 1-июнга чейин виртуалдуу форматта өтөт. Негизги тема катары пандемияны тез арада ооздуктоо зарылчылыгы, дени сак, коопсуз жана адилеттүү коомдуу түзүү менен кийинки пандемияга даярдыкты камсыздоо каралууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0