Биткоин, акция менен акча табуу. Финкөзөмөл шылуундардын тобу чыкканын эскертти

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБиткойн криптовалютасы. Иллюстративдик сүрөт
Биткойн криптовалютасы. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Алдамчылар алардын эсебине акча которсо, 8-12 сааттан кийин үстүнө пайыз кошулуп кайтарыларын убадалаганы айтылат.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өзүн биржалык иштердин катышуучусу катары тааныштырып, биткоин жана ири компаниялардын акциялары менен күнүмдүк соода жүргүзүүнү сунуштаган шылуундардын командасы пайда болду. Мындай эскертүүнү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы таратты.
Алар азгырык жол менен интернет-банкинг же терминал аркылуу банктык эсебине акча которууну сунуштап, 8-12 сааттан кийин үстүнө пайыз кошулуп кайтарыларын убадалаганы айтылат.
Бирок каражат эсебине түшөрү менен байланышты үзүп, мессенжердеги тайпадан чыгып, из жашырып кетерин эскертет.
"Шылуундардын командасы кепилдик катары Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы берди деген лицензиянын сүрөтүн көрсөтүп жатат. Бирок биз Bonus Киреше ЖАКка эч кандай лицензия берген эмеспиз", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам ушул сыяктуу шектүү топтор чыкса, финансы рыногун көзөмөлдөө органына чалып маалыматты текшерип алуу сунушталат. Байланыш номерлери расмий сайтына жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0