ДССУ адам өлүмүнө себепкер болчу дагы бир вирус чыгарын божомолдоп жатат

© AFP / FABRICE COFFRINIДССУ логотиби. Архив
ДССУ логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
ДССУ жетекчисинин пикирине караганда, вирус менен күрөшкөн мамлекеттер бири-бири менен атаандашып теңтайлашпай, тескерисинче, кызматташуусу керек.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Адамзат эртеби, кечпи тушуга турган дагы жаңы пандемия мындан да кооптуу болушу мүмкүн. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтканын РИА Новости жазды.
"Бул дүйнө кооптуулукка кабылып жаткан акыркы учур эмес . мындан да көп өлүм алып келген, мындан да жугуштуу болгон жаңы вирус пайда болот", — деген ал Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып.
ДССУ жетекчисинин пикирине караганда, вирус менен күрөшкөн мамлекеттер бири-бири менен атаандашып теңтайлашпай, кызматташуусу керек.
Доллар пачканы кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
COVID-19 байыткан тогуз миллиардер. Тизме
"Мындайча айтканда, биз биргелешип аракет жасаш керекпи же сактанбаган бойдон калыш керекпи деген эки нерсенин алдында турабыз", — деген ал.
Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеянын 74-сессиясы бүгүндөн, 24-майдан башталып, 1-июнда аяктайт. Анын негизги темасы — бул пандемияны тез арада бүтүрүп, дени сак, коопсуз жана адилет дүйнөнү калыптандырып, кезектеги пандемияга даярдыкты камсыз кылуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0