"Евровидение - 2021" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW"Евровидение – 2021" музыкалык сынагында жеңишке жеткен италиялык Måneskin рок тобу
Евровидение – 2021 музыкалык сынагында жеңишке жеткен италиялык Måneskin рок тобу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Акыркы ирет Италия "Евровидение" сынагында 1990-жылы жеңишке жеткен. Экинчи жана үчүнчү орундарды Франция менен Швеция ээледи.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Евровидение – 2021" музыкалык сынагында италиялык Måneskin рок тобу Zittii E Buoni ("Жөнөкөй жана тил алчаак") чыгармасы менен жеңишке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Топ көрүүчүлөр менен калыстардыкын кошкондо 524 упайга ээ болгон.
"Måneskin 2015-жылы түзүлгөн. Негизинен рокко басым жасаганы менен өз чыгармачылыгында рэп, регги, фанк жана поп музыканы дагы ала жүрөт. Аталышы дат тилинен которгондо "айдын жарыгы" дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат кабарда.
Акыркы ирет Италия бул сынакта 1990-жылы жеңишке жеткен. Экинчи жана үчүнчү орундарды Франция менен Швеция алды.
Ал эми Россиянын атынан чыккан Manizha аттуу ырчы тогузунчу орунга татыды. Ал 204 упай топтой алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0