COVID-19 байыткан тогуз миллиардер. Тизме

© AFP / HOДоллар пачканы кармап турган киши. Архив
Доллар пачканы кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Байлыгы эсепсиз көбөйгөн бул адамдардын мүлкүнүн жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга жетет деп айтылууда. Алардын көпчүлүгү АКШдан.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина чыгарган компаниянын кирешеси менен дүйнөдө дагы тогуз киши миллиардер болду. Бул тууралуу курамына укук коргоочу, гуманитардык жана медициналык уюмдар кирген The People's Vaccine Alliance кыймылынын докладында айтылганын РИА Новости жазды.
Жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү кирген. Алар: башкы директор Стефан Бансел, негиздөөчүнүн бири Ноубар Афеян жана инвесторлор Тимоти Спрингер жана Роберт Лангер.
Байлыгы бир миллиард доллардан ашкан адамдардын сабына киргендер:
  • BioNTech уюмунун башчысы Угур Шахин;
  • Rovi фармацевтикалык ишкананын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (Испания);
  • CanSino Biologics компаниясынын үч түзүүчүсү (Кытай).
Жаңы миллиардерлердин мүлкүнүн жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга жетет деп бааланууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2020-жылдын 11-мартында коронавирустун COVID-19 инфекциясынан улам пандемия жарыялаган. ДССУнун акыркы маалыматтарына ылайык, ааламда бул илдетке кабылгандардын саны 165 миллиондон ашкан. Анын ичинен 3,4 миллион бейтап оорудан көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0